Атамбаев Москва шаарындагы Манастын эстелигинин ачылышына катышты

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарынын Дружба паркында Манастын эстелигини ачылыш аземине катышты. Бул Орусиянын ордо калаасында орнотулган Манас баатырга арналган алгачкы эстелик.

Москва шаарына болгон расмий иш сапарында президент Атамбаев Манас эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Атамбаевдин «Манас — интернационализмдин символу» деген сөзүн Москвадагы «Азаттык» радиосунун журналисти Аида Касымалиева өзүнүн твиттер-эккаунтунда жазып чыкты.

«АША [Алмазбек Шаршенович Атамбаев] эстеликтин ачылыш аземинде, Манас — этикалык орусиялык болгонун баса белгиледи!», — дейт Касымалиева.

Арихитекторлор союзунун төрагасы Эсенжан Бекташев «Клооптун» кабарчыларына эстеликтин эскизи «бир нече жолу өзгөртүлгөндүгүн» айтып берди. Президент дагы эстеликтин турпатына кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизген.

«Башында Манас жана башка каармандардан турган эстеликтер комплекси эле. Акыркы жолу Атамбаев өзү өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал тулпарды кичирейтишкен», — дейт Эсенжан мырза, Манастын тулпары Аккуланын өлчөмүнүн кичирейтилгенини айтып.

Эстеликтин акыркы варианты Бишкектеги аянта орнотулган «эстеликтей», бирок кичирээк болгонун Бекташев кошумчалап кетти.

Анын айтымында, эстелик демөөрчүлөрдүн каражаттарына тургузулду. «Кабар» агенттиги маалымты боюнча, Москвада эстелик тургузуу үчүн Атамбаев өзүнүн жеке каражаттарынан бир миллион сом бөлүп берген.

Бишкеке шаарынын башкы архитекторунун жардамчысы Уланбек Сапырбаев, эстеликтин үстүндө бишкектик архитектор жана айкелчилер иштегенин айтты.

«Өзгөчө мамиле»

Орусияда эстеликтин тургузулушу эки мамлекеттин ортосундагы «өзгөчө мамиленин» көрсөткүчү дейт саясатчы Марс Сариев. Анын айтымында, Москва шаарында Манастын эстелигинин орнотулушу экономикалык, маданий жана саясий жактан мамлекеттер аралык мамилелеге өз таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Эки элдин ортосундагы достук жана жылуу мамилени көрсөтөт. Муну дипломатия десек да болот, анткени эмоционалдык деңгээлде эки элди жакындаштырат», — дейт серпчи мырза.

Атамбаев Орусиянын саясатын колдогон саясатчы катары саналып келет. Премьер болуп жүргөн учурда бир нече жолу иш сапарлар менен Кремлга барып келген.

2011-жылдын жай айларында Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май  жеткирүү маселесин чечүү үчүн Атамбаев Москва шаарына барган. Ал мезгилдерде Кыргызстанда АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензиндердин таңсыктыгы болуп жаткан.

Инаугурациядан кийин Атамбаев Кыргызстан Бажы Биримдигине кирет деп сөз берген. Бирок так датаны айткан эмес.

Автор: Zarema Sultanbekova

Редактор: Эльдияр Арыкбаев                                                      Которгон: Бермет Абдыкадырова
Фото: «АКИpress» кабар агенттигинен алынды