Укук коргоочулар: «Дело №» гезити гомосексуалдарга карата жек көрүүнү күчөтүп жатат

Гей жана лесбияндардын укугун коргогон «Патфайндер» уюму «Дело№» гезитиндеги гомосексуалдарга карата жек көрүүнү күчөткөн макалага каршы онлайн-петиция баштады.

«Дело №» гезитин 9-февралындагы номеринде Ош шаарында белгисиз бир топтун эркек адамды зордуктап кеткендиги жөнүндө макала жарыялаган. Бирок укук коргоочулар эки жумадан кийин гана буга көңүлүн бурушту.

Зордуктоо жөнүндөгү баядоодон кийин макаланын автору Кыргызстан коомчулугундагы «толеранттуулукту» сынга алып, сабырдуулук «мындан да жаман жыйынтыктарга» алып келет деген.

«Биз «толеранттуу» коомдо жашайбыз. Бирөөнө аялдар жагат, экинчисине эркектер жагат, дагы кимдир бирөөгө кичинекей балдар жагат. Дагы бирөөлөр дегеле жаныбарлардан дүүлүгүшөт. Анан эмне дейсиң? Мүмкүн жакынкы арада педофилдер же зоофилдер үчүн "сойкулар үйлөрү" ачыла башталат?!», — дейт «Дело №» гезитинин журналисти Ирина Максимова.

Журналисттердин гомосексуалдуулукту зордуктоо, зоофилия жана педофилия сыяктуу кылмыш көрүнүштөр менен бир катарга коюушу «Патфайндердин» нааразычылыгын жаратты.

«Гомосексуалдуулук зордук-зомбулукка да өбөлгө болбойт, түздөн түз зоордуктоо менен да эч байланышы жок,», — дейт "Патфайндер" расмий блогунда жарыяланган кайрылуусунда.

«Мындай макалалардын ММКларда жарыяланышы коомчулуктагы сексуалдык азчылык өкүлдөрү, анын ичинен — гомосексуалдуу адамдарга каршы жек көрүүнүн пайда болушуна өбөлгө түзөт, аларга каршы зордук-зомбулуктун колдонулушуна да түрткү болушу мүмкүн», — дейт «Патфайдер».

Лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдүн (ЛГБТ) укугун коргоочу «Лабрис» уюму да «Дело №» гезитин сынга алды.

«Макала профессионалдуу эмес, бир тараптуу жана кемсинтүү түрүндө жазылган. Бардыгынан аянычтуусу, мындай макалалар коомдо ЛГБТ тууралуу терс ойлордуу жарат», — дейт «Лабристин» кызматкери Дмитрий Кукоба «Клоопко» берген интервьюсунда.

Ал дагы гомосексуализмди кылмыш менен бир катарга коюуу туура эмес деп эсептейт.

«Педофилия жана зоофилия бул адамдын психологиясындагы бузулуу, ал эми гомосексуализм — адамдын табигый сексуалдык умтулуусу », — дейт Кукоба.

«Дело №» гезитин редакциясы бул маселе боюнча «Клооптун» кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тартты.

Кабарчыбыздын «эгер аялдар бир эркекти зордуктап кеткендиги жөнүндөгү окуядан кийин гетеросексуалдарга каршы чакырууларды айтан белеңер» деген суроосуна телефонду коюп салышты.

Авторлор: Zarema Sultanbekova жана Бектур Искендер

Которгон: Жаркын Абдыкеримова