Атамбаев Орусияга Канттагы аскер базасы үчүн карыздары талап кылуу үчүн келген

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Эхо Москвы» радиосунун эфиринде, Москвага кредит алуу үчүн эмес, Канттагы орусиялык авиа базанын карыздарын алуу үчүн келгендигин айтты.

Радионун башкы редактору Алексей Венедиктовдун «Орусияга кредит алууга келдинизби?» деген суроосуна Атамбаев «бир да тыйын кредит кереги жок» деп жооп берди.

«Келдим — коргоо министрлигинен карыздардын төлөнүүсүн талап кылдым», — дейт президент Кыргызстандын Кант шаарындагы орусиялык авиа базасынын ижара акысы жөнүндө.

«Орусиялык база төрт жылдан бери ижара акысын төлөбөй, учкучтарды окутабыз деген милдеттерин да аткарбай келе жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандын бийлиги Орусияга карыздарынын пайыздарын төлөп жатат», — дейт Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, Орусиянын жетекчилиги бул маселе жөнүндө кабардар эмес экен, авиа базанын карыз маселесинин он күндүн ичинде чечилишине сөз беришти.

«Таң калдым, анткени коргоо министрлиги авиа базанын ижара акысы төрт жылдан бери төлөнбөй жаткандыгын айтпай жүрүптүр», — дейт президент.

Орусиянын коргоо министрин Кыргызстанды  кичинекй мамлекеттей көрүүсүнө уруксат бербейм деп Атамбаев кошумчалап кетти.

«Ооба, биз кичинекей мамлекетпиз, бирок биз эгемендүү жана намыскөй өлкөбүз. […] Эгер ортодо макулдашуулар болсо, аткарыш керек да», — дейт өлкө башчысы.

Орусия 106 миллион АКШ доллар кредит бербиз деп сөз берген, биз бул сумманы 2011-жылдын бюджетине каттаганбыз, бирок бул сумма берилген жок деп Атамбаев арызданып кетти.

«Кредит берилбей калганда, албетте оор болду. Бул жылкы бюджетке орусиялык акчалар каралган жок. Акча сураган жокмун жана сурабайм», — дейт президент.

«Бизге бир да тыйын кредит кереги жок», — дейт Атамбаев.

Атамбаев төңкөрүштөргө каршы

Президенттин Алексей Венедиктов менен маеги бир сааттай созулду.

Кант авиа базасынан тышкаркы маселелерде, президент Орусия жана анын саясатчылары — өзгөчө Владимир Путин жөнүндө жалаң жакшы пикирлерин айтып жатты.

«Орусиялыктар бир нече жыл мурун  жоголуп кетүү алдында болгонун унутуп калышты. Азыркы күндө эркиндик, азаттык деп кыйкырып жүрүшөт, бирок 1998-жылдары бир кесим нан табалбаган учур эмес беле. Ал эми азыркы күндө нан эмес, азаттык жөнүндөгү кыйкырыктардын угулушу — Путиндин бийлигини жыйынтыгы», — дейт президент.

Венедиктовдун «сиз эки төңкөрүштүн катышуучусу катары Путиндин алдында «революциячыл адамсыз» деген пикирине, мындай төңкөрүштөрдүн Орусияда кайталанышын каалабстыгын айтып өттү.

«Президент Медведев жана премьер Путин экөө тең өзгөрүүлөр мезгили келгендигин түшүнүштү. Ал эми өзгөрүү үчүн төңкөрүштүн кереги жок. Өнүгүүгө эволюция жолун тандоо керек», — дейт.

Улутчулдук жана орус тил маселеси

Кыргызстанды «таза кандуу кыргыздар» башкарышы керек деген оппозиция лидери Камчыбек Ташиевдин сөздөрүн сынга алды.

Бирок, Ташиевдин атын ачык атаган жок.

Атамбаев орус тили Кыргызстанда расмий тил катары калаарына сөз берип кетти.

«Акыркы жыйырма жылдын алгачкы жылдарында улутчулдук маселеси күчөп кеткен. Азыр деле улутчулдук чакыруулардан башка эч нерсе айта албаган адамдар бар, өздөрүн патриот кылып көрсөткүсү келген. Бирок орус тили сакталаары шексиз. Кыргызстандын ар бир жараны эки тилде — орус жана кыргыз тилинде сүйлөй алгандыгы менен сыймыктанам», — дейт президент..

Бир нече тил билүү жөндөмдү Атамбаев компьютердеги "бир нече дисководдун" болушу менен салыштырды. Англис тилин үйрөнүп жаткандыгын айтып, бир жолу «кырдаал» [ситуация] сөзүнүн ордуна капыстан «ситуэйшн» сөзүн колдонуп алгандыгын айтты.

Радионун алып баруучусу «Фергана» сайтына тыюуу салуу, кыргыз жана өзбектердин ортосундагы катнаш жана космонавт Салинжан Шарипов менен болгон маселе жөнүндө бир дагы суроо берген жок.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова