Бизнесмен: тергөө ишин жабуу үчүн финполиция пара талап кылган

«Базис Альфа Ко» компаниясынын башкы директору Александр Овчаренко, финполициянын кызматкерлери «алдамчылык» факты боюнча тергөө ишин жабуу үчүн 250 миң сом пара талап кылгандыгын айтты. Финполициянын басма сөз катчылыгы бизнесмен мырзага арыз жазууну сунушутады.

Өткөн жылдын 23-январында Александр Овчаренко жана анын компаниясы «Базис Альфа Ко» ЖЧКсына карата мамлекеттик финполиция кызматы «алдамчылык» факты боюнча тергөө ишин козгогон.

Финполдун маалыматы боюнча, Овчаренконун компаниясы Улуттук Банк 2012-жылдын 21-январында мыйзамсыз деп тапкан Мавроди пирамидасынын схемасын боюнча иштеген.

«Жарандар бул фирмага өзүнүн каражаттарынын алып келишкен. Макулдашуу түзгөн ар бир кардар, фирмага дагы он кардар алып келиши керек болгон. Келген оноо макулдашууга кол койгондон кийин алып келген адам  белгилүү бир пайыздарды алган», — деп финполициянын басма сөз катчылыгы «Базис Альфа Ко» компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Басма сөз катчылыктын маалыматында, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.


Финполиция Овчаренконун компаниясын
а "крыша" болунуу сунуштаган

«Базис Альфа Ко» ЖЧКсынын башкы директору күнөөлөрдүн баарын четке кагып, компанияны "алдамчы" эмес, анын бардык аракеттери мыйзам чегинде дейт.

Овчаренко «Клоопко» берген интервьюсунда, компаниянын башкы милдети — жарандарды жумуш менен камсыз кылуу жана Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү экенин айтып берди.

Анын айтымында, финполициянын кызматкерлери өздөрү «мыйзамсыз» кадамдарга барышкан.

Овчаренко журналисттер менен болгон жолугушууда  укук коргоо органдары «мыйзамсыз түрдө» документтерди жана расмий мөөрдү конфискациялап кеткенин маалымдады. Бул мөөрсүз «Базис Альфа Ко» компаниясы каржы жана ар кандай банктык операцияларын жүргүзө алышпайт. Компаниянын банктагы эсеп-кысаптары да тоңдурулгандыгын айтып берди.

«Анан финполдон сунуш келди, алар бизди өз канаты алдына алууга, б.а. алар биздин «крышабыз» болууну сунушташты», — дейт «Клоопко» берген интервьюсунда.

Курулуш фирмасынын башкы директору, финполициянын кызматкери ага жана анын орун басарына тергөө ишин жабуу үчүн 250 миң сом талап кылгандыгын айтты.

«Алар [финполдун кызматкерлери] алгач бизден ай сайын белгилүү бир пайыз акча талап кылып жатышкан, андан кийин орун басарым барып сүйлөшүп келгенде, тергөө ишин токтотуу үчүн 250 миң сом талап кылышыптыр», — дейт Овчаренко.

Финполдун басма сөз катчысы Дильбар Сабитова-Кимдин айтымында, кызматкерлердин пара талап кылуу учурлары болсо Овчаренко мырза атайын арыз менен кайрылышы керек.

Басма сөз катчынын айтымында, Овчаренко Кыргыз Республикасынын кылмыш Кодексинин 166-беренеси («Алдамчылык») боюнча мурун соттолуп эркинен ажыратылган.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова