Конкур: Кынтыксыз ат чабыш Галимовго Бишкек чемпиону наамын алып келди

Бишкектин конкур боюнча чемпионатынын финалында ат спорт чебери Ринат Галимов бир да тосмону кулатпай штрафтык упайларсыз өттү. Таймашууга үч спортчу катышты.

Чоңдор арасында таймашуунун чемпиону, ат спортунун чебери Ринат Галимов Арман аттуу тулпары менен дистанцияны штрафтык упайсыз өттү. Чемпион жигит таймашууну «татаал» деп баалады.

Ат спортунун чеберлери Алум тулпарындагы Дмитрий Горбаченкону жана Стамберлайн тулпарындагы Мырза Токтобековду Галимов артка калтырды. Горбаченко кулатып кеткен тосмо үчүн төрт штрафтык упай, ал эми Токтобеков тосмо жана тулпарынын тил албастыгы үчүн сегиз штрафтык упай алды.

Өспүрүмдөр арасында Роман Евдокимов Хилтон аттуу тулпары менен Бишкектин чемпиону болду.

Тосмолордун бийиктиги былтыркы чемпионатта эл аралык стандарттар боюнча 130 сантимерт болгон.

Таймаш үстү жабык манежде өтүп, үч спортчу тең бир жолудан ат чабышка чыгышты.

Экинчи орун алуу «таарынчтуу»

Конкур боюнча Бишкектин чемпиону Галимов «Клоопко» берген интервьюсунда, жеңишке жетүүгө тырышчаактык, тынымсыз машыгуулар, ийгилик жана тагдыр жардам берди дейт.  Галимовдун Арман аттуу тулпары Кыргызстандын ат спорту боюнча Федерациясына тийиштүү.

«Бул жерде Кыргыз Республикасынын эң мыкты аттары катышып жатат», — дейт спортсмен.

Горбаченко экинчи орунду ээлөө «таарынчтуу» болгонун айтты, анткени ал мелдешке катуу дарданган. Ошого карабастан, ээлеген ордун «татыктуу» жана болуп өткөн таймашууну «жакшы» деп баалап кетти.

Коло медалдын ээси Мырза Токтобеков таймашуунун «ийгиликсиз» болушунда анын эле эмес, тулпардын да күнөөсү бар дейт. Анын айтымында, Стамберлайн таймашуунун алдында эле тил албай жаткан.

Стамберлайн таймашуу учурунда тосмолордон өттпөй, кишенеп, жер тепкилеп туруп алды. Машыгууга күбө болгон күйөрмандар тулпардын мындай жүрүм-турумун анын чарчагандыгы менен түшүндүрүштү.

Стамберлайндын ээси тулпар тосмолордон коркуп жатат, ошондуктан келечекте тосмолорду жыттарып көндүрөйүн деген ою бар.

«Ошондо гана коркунучтуу болбогондугунун түшүнүп баамдайт», — дейт Токтобеков.

Спортчулардын айтымында аттан жыгылган, тосмолорду кулаткан же болбосо аттын тил албастыгынан четтетилген спортчулар мектепке торт алып келип, машыктыруучу менен бирге торттун даамын татышы керек.

Жеңүүчүлөр Бишкектин атынан өлкө чемпионатына катышат

Кыргызстандын ат спорту боюнча Федерациянын башкы катчысы жана болуп өткөн таймашуунун сынчысы Эльвира Жогина март айында республиканын чемпионаты, ал эми апрель айында дүйнө кубогунун этатары башталаарын «Клоопко» айтып беришти.

Жогинанын айтымында, Галимов, Горбаченко, Токтобеков жана өспүрмдөр тобунан бир спортчу Бишкектин атынан Кыргызстандын чемпионатына барышат.

«Таймашуу ачык аймакта, топурак жерде өтөт. Манежде аттардын бурулушу ыңгайсыз жана оор. Ал эми топурак жерде такыр башка жагдай — бөлөк техника жана чабышуу, бөлөк таймашуу болот», — деп Жогина түшүндүрдү.

Жогинанын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ринат Галимов Венесуэладагы «Челендж» дүйнө кубогунун финалдык беттешүүсүнө барат. «Челлендж-кап» — мыкты спортчулар гана катышкан Дүйнөлүк Кубоктун этабы.

Конкур боюнча таймашуу 24-февралдан 26-февралга чейин Бишкектин ат спорту мектебинде болуп өттү. Таймашуунун акыркы күнү Бишкек чемпиону наамына беттешүүлөр болду, ал эми алгачкы күндөрү юниорлор жана өспүрүмдөрдүн  ат чабыштары болду.

Конкур боюнча Дүйнө Кубогу ар кайсы трассалардан турган бир нече тандоо этаптарынан турат.

Бир этап бир жума созулат. Сезондун аягында жеңүүчү хрусталь айнегинен жасалган кубокко жана акчалай байгеге ээ болот.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Илья Каримджанов

Которгон: Жаркын Абдыкеримова