Кыргызстандык айымдарга көз жаруу «кымбатка турууда»

Мамлекттик төрөт үйлөрү айымдарды бекер кабыл алуусу керектигине карабастан, айымдардын айтымында медиктер алардан тейлөө үчүн акча талап кылып, керектүү дары-дармектерди өз алдынча сатып алууну сунушташат.

Натальяны төрөттөн үч күн өткөндөн кийин Талас облусттук ооруканасынан чыгарышкан. Дарыгерлер өз убагында жаш ымыркайга көңүл бурбагандыктан Натальянын уулу мээсинен жаракат алган.

«Ооруканага түшкөн учурда мага эч ким көңүл бурбай койгон. Үч саат өткөндөн кийин гана толгоо чакыра турган дары беришкен. Эки саат капельница алдында жаттым, оорукана кызматкерлеринен эч ким келген жок. Жыйынтыгында кеч болуп калып, толгоо чакыра турган дарыдан балам мээсинен жаракат алыптыр. Балам үч айга чыгып калды, азыркыга чейин даарылап жүрөм», — дейт жаш эне.

Жаңы эле операция болуп, өзүн жакшы сезбегенине карабстан дарыгерлердин «начар» мамилесинен Наталья ооруканадан тезирээк чыгып кетүүнү чечкен.

«Ушунчалык кайдыгер мамиле...Тигилген жерлерим ооруп, араң басканыма карабастан үйгө кетким келди. Мени качан чыгарышат деп сурасам, медсестра мени дааратканга алып барып, беш миң сом берсең эртерээк чыгарышат деди. Чыгып жатканда да бул кагазга же тигил кагазга деп акча төлөтүп жатышты», — деп Наталья арызданды.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча мамлекеттик төрөт үйлөр айымдарга акысыз кызмат көрсөтүп, медициналык каражаттарын да акысыз бериш керек.

Дарыгерлердин акча талап кылуу аракеттери

Айгул уулун Бишкектин №1 төрөт үйүндө төрөгөн, эки күндөн кийин ооруканадан чыгарышкан. Керектүү бардык дары-дармектерди Айгүл өз чөнтөгүнөн төлөгөн. Анын айтымында, дарыгерлерге акча төлөгөн эмес, бирок алар четин чыгарышып айтканга аракет кылышкан.

«Ачык айтышкан эмес, бирок четин чыгарып айтууга аркеттенишкен. Укканыма караганда кээ бир айымдарга"ар бир эмгек акталышы керек, рахматыңды билдиришиң керек" деп ачык эле акча сураган учурлар да болуптур», — дейт жаш кыз.

Оорукана кызматкерлери палаталарга кирип самын-айна сыяктуу товарларын сатып алууну сунуштаганын Айгүл айтып берди.

Айгүл ооруканага келгенде ичиндеги баласы чоңойуп кетиптир деп, аны кесерово аркылуу төрөтүп алынуу пландап жатышкан, бирок Айгул эртеси өзү эле төрөгөн.

«Эгерде эртеси төрөбөсөм, мага кесерово жасамак, ал үчүн акча төлөш керек. Мени менен бир палатада кесерово болгон кыз да бар болчу. Операция үчүн канча төлөгөнүн билбейм, бирок наркоз үчүн, дары-дармектер үчүн өз-өзүнчө төлөгөн экен. Мен справка жана дарылар үчүн эле эки миң сомдой төлөдүм», — деп Айгүл бөлүшүп кетти.

«Төрөт үйлөрүндөгү паракорчулук»

Бишкектин №1 төрөт үйүнүн атын атагысы келбеген дарыгер, төрөт үйүндө бардык кызматтар бекер көрсөтүлөт, ал эми пара алуу аракеттери дароо эле жокко чыгарылат деди.

«Биздин төрөт үйдө ишеним телефону бар. Бирөө сизден пара талап кылып жатса кайрылсаңыз болот. Башкы врачтын, бөлүм жетекчисинин, саламаттык сактоо департаментинин уюлдук жана шаардык телефондору бар. Биз паракорчулукту башатынан эле жок кылууга аркеттенебиз», — деп дарыгер түшүндүрдү.

Төрөт үйлөрүндөгү дарыгерлердин айлык акысынын аз болушу паракорчулуктун негизги себеби дейт репродуктивдуу ден-соолук альянсынын президенти Арсен Аскеров

«Паракорчулук — бул өкмөттүн жана саламаттык сактоо министрлигин туура эмес мамилесинен келип чыкты. Дарыгерлердин айлык акысы төмөн, маяна төлөп берүү иштин жыйынтыгы боюнча эмес жалпы эсеп менен болуп жатат», — деп серепчи мырза түшүндүрүп берди.

Саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз катчысы Светлана Байтикова, «Клоопко» берген интервьюсунда, төрөт үйлөрүндөгү паракорчулуктун болгонун мойнуна алды.

«Азыркы күндө паракорчулукка каршы чаралардын планы иштелип, макулдашылып жатат. Бул чаралар боюнча расмий эмес төлөмдөр катуу көзөмөлгө алынат. Бирок, саламаттык сактоо министрлигине бул дарыгер төрөт үчүн мындай өлчөмдөгү пара алды деген арыз жазылышы керек. Атайын комиссия түзүлөт, иликтөө иши жүргүзүлүп жумуштан кетирилет. Бирок, баарын эле жумуштан кетире албайбыз, дарыгерлерсиз калып калабыз да», — дейт Байтикова.

Байтикованын оюнда, аз өлчөмдөгү айлык акы пара алуунун себеи болушу мүмкүн эмес.

«2010-жылдан баштап республика боюнча бардык медицина кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөн. Доктур жана медсестраларга биринчи орунда айлык акы жогорулатылган. Ал эми доктурлардын иштөө стажы жана категорясына жараша кошумча төлөмдөр да бар. Нарын облусун мисал келтирели, тоолуу аймак болуп ден-соолукка зыяндуу болгондуктан, ал жердеги доктурлар отуз-кырк миңге чейин айлык акы алат», — дейт саламаттык сактоо министрлигинин бама сөз катчысы.

Төрөгөн айымдар ооруканадан эрте чыгарылат

«Ата-Журт» партиясынын депутаты Надира Нарматова айымдардан мамлекеттик төрөт үйлөрүнө арыздар түшүп жатканын айтып берди. Айымдардын айтымында, төрөттөн кийин эки-үч күн өтпөй, абалынын жаман болгонуна карбастан аларды ооруканадан чыгарышкан.

«Төрөттөн кийин жакшы дарыланбаган айымды элестетсеңиз. Эгер айылда жашаса, дароо үй-тирчилик менен алп урушуп — кир жууп, үй тазалап кирет да... ошентип жаш кыздарыбыз 30 жашка келгенде төрөй албай калышыт. Ошон үчүн азыркы күндө бир-эки эле бала төрөшөт», — деп депутат айым нааразы.

Саламаттык сактоо министрлиги депутат айымдын сөздөрүн четке кагып, төрөгөн айымдарды бир күндөн кийин деле чыгарса болот дешти.

«Эки күндөн кийин чыгарылат деген бул чындыкка жатпайт. Мындай болушу мүмкүн эмес: дарыгер душман эмес. Экинчи күнү чыгаруу мүмкүн эмес, анткени төрлгөн ымыркайдын киндиги айыгыш керек, ал эми киндик үчүнчү күнү гана тартылып, айыгат», — дейт басма сөз катчы.

Атын атагысы келбеген Бишкектеги №1 төрөт үйүнүн дарыгери, азыркы күндө төрөт үйүндө «натыйжалуу перинаталдуу кам көрүү» долбоору иштеп жатканын айтты. Долбоор боюнча төрөгөн айымдарды ооруканадан эрте чыгаруу каралган.

«Кесероводон кийин айымдар жиптерин алдырып экинчи-үчүнчү күнү чыгышат. Эгер айымдын абалы оор болсо, анда дагы бир-эки күнгө калышат. Бирок төрөт жакшы өтсө экинчи күнү эле чыгарылат. Ооруканада канчалык аз жатса, инфекциондук ооруга кабылуу мүмкүнчүлүгү ошончолук төмөн болот», дейт дарыгер.

Мындай тобокелчиликтин болгондугун Арсен Аскеров да тастыктады, серепчи мырза эл аралык тажыйырбадан мисал келтирди.

«Эл аралык стандарттардын нускамасына жараша, эгер төрөт физиологиялык жактан жеңил өтсө, айым ооруканада үч күндөн көп болбош керек. Анткени, ымыркайдын инфекциондук оору жугузуп алуу тобокели жогору. Ошондуктан, айымдын төрөт үйүндө олуттуу себепсиз кармалуусу анын абалынан начарлашына алып келиши мүмкүн. Ал эми бизде, төрөттөрдүн 80% физологиялык, 20% гана паталогиялык», — деп Аскеров түшүндүрдү.

Жарандык маселеси

Екатерина - Орусиянын жараны, тун уулун Ош шаардык төрөт үйүндө кесерово аркылуу төрөгөн. Дарыгерлерге 15 миң сом бергенине карабстан, канаатаарлык медициналык тейлөө алган эмес. Ал эми төрөт үйүнөн бешинчи күнү эле чыгарылган.

Операциянын баасы — жети миң сом, мурунтан эле дарыгер менен макулдашылган эле. Керектүү дары-дармектердин баарын жолдошу сатып алган, наркоз үчүн өзүнчө төлөнгөн. Ошого карабастан, төрөттөн кийин дарыгерлер дагы кошумча акча талап кылышкан.

«Алгач бир сумманы айтышкан, жети миң сом дегенинен алдын ала төлөп койгом. Дарыгерлердин айтымында, бул сумма операция жасагандардын ортосунда бөлүнөт. Операциядан кийин өзүмө келе албай жатсам, таң атпай медсестра чуркап келди - «акча төлөгүлө» дейт. Мен төлөгөм десем, педиатрга дагы акча төлө деди. Тиги дарыгер алдап кеткен го. Эртерээк ооруканадан чыгып кетүүнү кааладым», — деп жаш кыз ооруканадагы окуяларды эстеди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда катталган башка өлкөлөрдүн жарандары, мамлекеттик төрөт үйүндө акысыз дарыланышы керек. Эгер каттоосу жок болсо үч миң төлөш керек.

«Көп сумма төлөдүк — он беш миң сом. Чыгып жатканда справкаларга, ар түрдүү кагаздарга. Баары төлөйт экен. Мен Орусиянын жараны болгондуктан менден көбүрөөк алышты», — дейт Екатерина.

Ымыркай төрлгөндөн бери жарым жыл өттү, ошого карабастан операциянын натыйжасын Екатерина азыркыга чейин сезет. Ичинин алды азрыкыга чейин мезгил-мезгил менен ооруп калат.

«Мени төртүнчү күнү чыгарышып, бешинчи күнү тигилген жиптерди чечишкен. Бирок төрөттөн кийин жарым жыл өткөнүнө карабастан, азыркыга чейин акыбылым начар. Операциянын жыйынтыгы оор, кандай наркоз колдонушканын билбейм, бирок мени кантип кесип, тигип жаткандыгын — баарын сезип жаттым», — деп Екартерина балалуу болгонун эстейт.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Анна Лелик                                                                                             

Которгон: Жаркын Абдыкеримова

Сүрөттүн автору: bethanykphotography, Creative Commons лицензиясында колдонулууда