Ошко жакын айылда окуучулар мейманканада окушууда

Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн "Чечме-Сай" орто мектеби 2011-жылдын 24-январда болгон зилзаладан жараксыз калган. Окуучулар алты ай жайкы чатырларда окушкан. Өкмөт башчынын айтымында, жаңы окуу жылынан баштап "заманбап" мектеп курулуп бүтөт.

2011-жылы 4-февралдан баштап "Чечме-Сай" орто мектебинин 280 окуучусу өзгөчө кырдаалдын министрлиги тарабынан берилген эки чатырда жарым жыл окушса, калган 140 окуучу жергиликтүү өкмөт тарабынан берилген тейлөө үйүндө билим алышкан.

Азыркы күндө мейманкана толугу менен окуу үчүн колдонулуп жатат. Бирок бул дагы жетишсиз, бөлмөлөрдү жыгач менен экиге бөлүп сабак учурунда биргеликте эки класс окушууда.

25-февралда Өмүрбек Бабановдун Ноокат районунда болгон иш сапарында ушул жараксыз калган "Чечме-Сай" орто мектеби менен таанышып жергиликтүү элге сентябрда жаңы үч кабаттуу мектептин ачылышы болоорун айтты.

Мектептин директору Зарипа Мамытованын "Клоопко" берген маегинде, зилзаладан кийин полу жыгач менен кагылган чатырларда окугандыгын айтты. Августта мектеп курулуп баштаганын кошумчалады.

Ал эми Билим берүү министрилигинин капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Эргеш Атановдун сөзүндө, бардык талаптарга жооп берген "заманбап" мектеп курулууда. Ар кандай булактардан бөлүнгөн сумма 66 миллион сом.

"30 миллион "Сентера Голд" тарабынан, 20 миллион республикалык бюджеттен каржыланды. Мектеп үч кабаттуу, 320 орундуу спорт зал, сыртында ойноочу аянтчасы бар. Көрктөндүрүүлөр каралган",—деп айтты Атанов.

"Кыйналдык"

Ошондой эле "Чечме-Сай" мектебинин мугалими Артык Алиеванын айтуусунда, чатырларда окуп жатканда кыйынчылыктар болгон.

"Чатырларды курганда бир аз кыйналганбыз. Анан мектептеги полду алып чыгып, чатырдын ичине окуучулар менен бирдикте ташып кыйналдык. Үч сменде окуганда сабакты учуратпадык. Суук түшкөндө бир аз үшүп кыйналганбыз[…].Жаңы мектепке көчөрүбүзгө аябай сүйүнүп жатабыз",—деп кубанды мугалим.

Ушул эле айылдын тургуну Акболуш Акмаматов, меши жок жайкы чатырда неберелери окугандыгын айтты.

"Менин үч неберем окуйт ошол мектепте. Барганы барып, барбаганы барбай суук болду[…]. Тезирээк бүткөрүш үчүн биздин балдар, мен дагы бир тыйын албастан жардам бердик. Кирпич ташып, узатып берип жаттык",—деди айыл тургуну.

10-класстын окуучулары кышында сабактын мөөнөтүн 10 мүнөткө кыскартып үч сменада окуп жаткандыгын билдиришти.

"Жараксыз болгон мектептен чатырларга пол көчүргөндө кыйынчылыктар болду. Күн да суук болуп жатты. Бирок ошончо кыйынчылыктарга карабай билим алып жаттык[…]. Үчүнчү смена кечке чейин калып жатты",—деп айтты окуучу Улукман.

Кыргызстандын сейсмология институтунун маалыматында, 2011-жылы 24-январда Рихтер шкаласы боюнча 8 магнитудасындагы жер титирөөнүн очогу Тажикистанда болгон. Оштон тескей жакта 190 чакырым аралыкта. Ошто 3.4 магнитудада болгон. Кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч болгон эмес.

Редактор: Айзат Шакиева