Башкы прокуратура Бишкектин орто мектептериндеги «мыйзамсыз акча чогултуу» фактыларын иликтеп жатат

Бишкектеги №6 гимназиясы башкы прокуратура мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктап чыккан экинчи мектеп болду. Ушундай эле кырдаал №13 мектепте болуп жатат. Ордо калаанын эски окуу жайларынан болгон бул мектептер айыптоолордун баарын четке кагууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев, «№6 жана №13 мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча эки тергөө иши ачылгандыгын маалымдады.

«Мыйзамсыз акча чогултуулар жана финансылык бузуулар иликтенип жатат», — дейт басма сөз катчы.

Кыргызстандын мыйзамы боюнча орто билим алуу акысыз болуш керектигине карабастан, бул эки мектепте окуу үчүн акча төлөткөн деп башкы прокуратура шектенип жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Кылымш кодексинин 149- жана 225-беренеси — «жалпы орто билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын аткарбагандыгы» жана «кызматкерлердин мыйзамсыз акча алуусу» боюнча тергөө иштери ачылган.

6 мектебинин жетекчиси Светлана Арыстанова, тергөө иши жөнүндө маалыматты жакында эле уккандыгын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Башкы прокуратуранын паракорчулук менен күрөшүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Кубат Абылкасымов «Клоопко» иликтөө иши жүрүп жаткандыгын маалымдады.

«Азыр иликтөө жүрүп жатат, акча чогултуулар канчалык деңгээлде мыйзамсыз болгонун аныктайбыз. Көптөгөн суроолорубуз бар», — дейт Абылкасымов.

Акыркы бир айдын ичинде башкы прокуратуранын көзөмөлү алдына түшкөн алгачкы жетекчи 13 мектептин директору Гүлайым Алиева болду.

Билим берүү мекемесиндеги мыйзам бузуулардан сырткары, Алиева Кылымш кодексинин 304-беренсинин «кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу» деген экинчи пункту боюнча да күнөөлөнүп жатат.

«Алиеванын буйругу менен мектепке окуучуларды кабыл алуу үчүн 20 000 миң сомдон акча талап кылынчу», — дейт башкы прокуратуранын сайтында.

6 жана №13 мектептер 1936- жана 1939-жылы негизделген Бишкектеги эң эски окуу жайларынын бири.

6 мектеп-гимназиясында ар кайсы убакыттарда чиновниктердин туугандары окуп кеткен. Алардын ичинде биринчи президент Аскар Акаевдин кичүү уулу жана үчүнчү президент Роза Отунбаеванын жээни.

«Окуучуларга басым көрсөтүшөт»

13 мектептин ата-энелер фондунун төрайымы Динара Турдиева, «Клоопко» берген интервьюсунда, айлык акы төлөбөгөн окуучуларды мектепте «кемсинтишет» дейт.

«Эң эле элементардуу дегенде балдарга эки жана үч деген бааларды коюшат. Окуу жылдын аягында сабактардан жетишпегендигин үчүн бала мектептен кетирилет», — дейт ата-энелер фондунун төрайымы.

Турдиеванын айтымында, ата-энелер нааразы болгонуна карабастан, арызданышпайт, анткени балдарынын келечеги үчүн коркушат. Ал эми нааразычылыгын ачык билдиргендерге «басым» көрсөтүлө баштайт.

«Директор мугалимдерге көрсөтмө берет, алар аткарышат. Балдарга басым көрсөтүү жөнүндө ата-энелерден арыз түшкөндүгүн Ленин райондук аким дагы айткан», — дейт Турдиева.

Аиданын [аты өзгөртүлгөн] үч баласы тең №13 мектепте окуган. Анын айтымында, мектепке киргизүү үчүн ар бирине акча төлөгөн.

«Алгач 200 доллар бергем. Андан кийин расмий түрдө кассага кайра төлөгөм, өзүнчө конверт жана пакет да даярдагам. Үчүнчү баламды мектепке киргизип жатканда, Алиева соода борборлорунун биринде курбу кызымдан 500 долларга кийим сатып алды, бизге ошону төлөсүн дептир», — дейт Айтбаева.

«Ай сайын үч бала үчүн акча төлөчүмүн, эки балама төлөгөндүктөн, үчүнчүсү акысыз окуш керек эле. Бул жөнүндө директорго айтсам, «унчукпа» деп койду. Ай сайын 600 сом төлөчүмүн, мындан сырткары теннис корту деп 500 сом төлөчүбүз. Ал корт азыркыга чейин жок», — дейт айым.

«Директорду жана мугалимдик жамаатты колдогондор»

13 мектептин мугалимдери, айыптоолордун баарын четке кагып, директор жөнүндө айтылган сөздөр «чындыкка жатпайт», бул жөн гана директордук орунга күрөш дешүүдө.

«Бул мектептин директору интелегенттүү, жогорку билимдүү айым. Мындай окуя бул мектепте болушу мүмкүн эмес», — дейт Алиеванын кесиптеши Ирина Скосырская.

«Окуучулар менен директор эмес, класс жетекчи иштешет. Директор кандайча окуучулрды кемсинтемек эле? Эч түшүнбөй жатам. Атайын эле директордук орунду башка бирөөгө бошотуп берүү үчүн  кара пиар, үгүтөө жүрүп жатат. Бул окуучуга басым көрсөткүлө деп директор эч качан айткан эмес», — дейт №13 мектептин мугалими Людмила Кан.

Уулу №13 мектепте окуган Олег Цой дагы мугалимдердин пикирин колдоп, директорго айтылган айыптоолор негизсиз жана далилсиз дейт.

«Эгер айтылган маалымат далилденбесе — демек жалган. Бирөөнү күнөөлөдөн мурун далилдеп бериш керек. Менимче, мунун баары жалган. Менин билишимче, балдары бул мектепте окуган тааныштарым мектеп жөнүндө жакшы пикирде», — дейт Цой.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева, мектептерде акча чогултуу мыйзамсыз болгондугун тастыктады.

«Кыргыз Республикасынын «билим берүү жөнүндөгү мыйзамы» боюнча билим алуу акысыз, ал эми ар кандай акча чогултуулар мыйзамга туура келбейт», — дейт басма сөз катчы.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова