Гранттарды тескөө жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кенештин комитети тарабынан кабыл алынды

Жогорку Кеңештин комитети 27-февралда гранттарды тескөө жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам "маанисиз", ал эми мамлекет тарабынан тескөө үчүн башка жолдор бар дейт Эл аралык коммерциялык эмес укук борбору (ICNL).

Чет элдик жардам жөнүндө долбоор 27-февралда парламенттин комитети тарабынан кабыл алынган жана депутаттар тарабынан каралууга өз кезегин күтүүдө.

Мыйзам долбоору боюнча коммерциялык эмес уюмдардын (НКО) чет мамлекеттик донорлордон грант алуу аракеттерин мамлекет тескөөгө алат.

Чет мамлекттик донорлор жакшы максаттарды көздөгөндүгүн депутаттар мойнуна алышты, бирок «Кыргызстандын чек арасын өткөндөн кийин» кайтарымсыз чет өлкөлүк каражаттардын кыймылын тескөөгө алууну каалап жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, кеп кылмыштуулукка бөгөт коюууда болуп жатат.

«Мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу гуманитардык жардам түрүндө келип, бажы төлөмдөрсүз өткөрүлүп жаткан товарлардын агымын токтоууга жардам берет», — дейт мыйзам долбоорунун түшүндүрмө-баракчасында.

Бирок, ICNLдин анализине жараша жаңы мыйзамды кабыл алуу "маанисиз".

«Чет элдик жардамды ашыкча көзөмөлгө алуу Кыргызстандагы чет өлкөлүк каржылоонун кыскарышына алып келиши мүмкүн. Өз учурунда мындай кадамдар коммерциялык эмес уюмдардын калкка социалдык жардам көрсөтүүсүн азайтат», — дейт отчетто.

Мыйзам долбоорунун текстин толугу менен окуу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз.

Мыйзам долбоор боюнча ICNLдин отчету былтыр эле чыккан. Бирок, киргизилген өзгөрүүлөргө жараша комиттетин отуруму алдында отчеттун жаңы версиясы сунушталган.

Уюмдун айтымында, мыйзам долбоор боюнча чет элдик жардам Кыргызстанга коркунуч туудурат.

«Мындай коркунучка эч кандай негиз жок», — дейт ICNL.

«Чет өлкөлүк финасылык каражаттарды чектөө аракеттери Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда 2009-жылы дагы жасалган. Бирок ошол кездеги демилгечилер Кыргызстанга зыян келтирген коммерциялык эмес уюмду мисал келтире алышкан эмес», — дейт мыйзам долбоорунун анализинде.

Ашыкча көзөмөлдөө

Мыйзам долбоорундагы «кайтарымсыз чет элдик жардам көрсөтүү тартибин аныктоо» жана «тескөө тартиби» сыяктуу бир нече пункттар серепчилердин суроолорун жаратты.

ICNLдин айтымында, коммерциялык эмес уюмдар, ансыз деле ашыкча отчеттук процедуралар менен жүктөлгөн.

«Кошумча отчеттордун кимге керектиги түшүнксүз бойдон калууда. Анткени азыр берип жаткан отчетторунда уюмдун бардык кирешелери, анын ичинде чет элдик булактардан алынган кирешелер жөнүндө да айтылат», — дейт ICNL.

Бул мыйзам боюнча коммерциялык эмес уюмдар чет элдик каражаттарды алуу үчүн бийликтен уруксат сурап калышы мүмкүн деп ICNL чочулайт.

«Кээ бир тоталитардык өлкөлөрдө так ушундай», — деп серпчилер салыштырышат.

Кыргызстанда чет мамлекеттик жардамды кыянаттык менен колдонуу учурлары бар экендигин ICNL моюнга алат. Мыйзамдарда мындай бузууларды көзөмөлгө алуу чаралары каралганына карабастан, демилгечилер мыйзам бузуулар менен каржылоонун өлчөмүн азайтуу аркылуу күрөшүүнү чечишкен, дейт серепчилер.

Саясий подтекст

Мыйзам долбоорун кабыл алууга түшүндүрмө-баркачадагы себептерден тышкары да негиздер болгон дейт демилгечилер.

Демилгечилердин бири, мурунку төрага Ахматбек Келдибеков коммерциялык эмес уюмдарды тескөөнүн орусиялык моделин жактырганын жашырбайт.

Украинадагы 2004-жылкы төңкөрүштөн кийин көп узабай Орусиянын президенти Владимир Путин бардык коммерциялык эмес уюмдарды кайра каттоону жана алардын финансылык жардам алуу процедураларын татаалдаштырууну сунуштаган. Орусиянын лидери коммерциялык эмес сектордо өз бийлигине коркунуч көрөөрүн бир нече жолу айткан.

«Орусиялык жетекчиликтин коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу саясатын колдойм», — деп Келдибеков 24-февралда  айткан.

«Алар ишмердүүлүгү менен Кыргызстандагы стабилдүүлүккө зыянын тийгизип жатышат», — дейт мурунку төрага.

Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунда Келдибековдун сөздөрү жана жаңы мыйзам долбоору жөнүндөгү тема беш баракка жеткен.

Azat_19 лакап атындагы форумчу үч жылдан бери коммерциялык эмес сектордо иштегендигин айтты. Анын айтымында, 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин коммерциялык эмес уюмдар Келдибеков айткан «терс» имиджге татышкан. Анткени, чет мамлекттик гранттар менен каржыланган уюмдар төңкөрүшкө катышкан деген пикирлер тараган.

«Калыс бололу да, кээ бир мекемелер гана чет мамлекеттик булактардан каржыланат, эмнегедир бүт секторду күнөөлөп жатышат. Гранттар «төңкөрүш» үчүн эмес, оппозициялык басылмаларды чыгаруу, укук коргоо уюмдарына колдоо көрсөтүү жана адам укуктары жөнүндөгү тренингдерди өткөрүүгө берилген да», — дейт колдонуучу.

«Атомдук бомбанын ойлонуп табылышында бардык физиктерди күнөөлө менен барабар болуп жатпайбы», — деп улантат.

«Маселени жалпылаштырбагыла»

Форумчунун айтымында, 2010-жылкы экинчи төңкөрүш НКО жана дестабилизациянын ортосундагы байланыштын жоктугун далилдеди.

«Экинчи төңкөрүш бизге канчалык сюрприз болсо, укук коргоочу НПОлор үчүн да таң калыштуу болду. Бул НПОлордун Европа жана Улуу Британиядагы профсоюздардай, өз алдынча күч болуп калыпташа электигинин көрсөткүчү», — дейт azat_19.

Бул пикирди baronlt колдонуучусу колдобойт. Ал дагы донордук уюмда иштегенини айтып, НКОнун кызматкерлери «алдамчы» жана «куу адамдар» дейт.

«Донорлордун акчалары карапйым элге арналганына карабастан, эл алардын бир да тыйынын көрбөйт. Бардыгын алдап кетишти, Европалык донорлор эмес, так ошол НПОлор алдап кетишти», — деген пикирине "маселени жалпылаштырып жатасың" деген айыптоо алды.

«Масели жалпылаштырбагыла, чын эле жардам берип жүргөндөр бар. Жетим балдарды теплотрассалардан чыгарып, социалдык жактан корголбогон жарандардын топторуна жардам бергендер бар, алар кээ бир учурларда өз каражаттарын да сарпташат. Аз сүйлөп, көп жасап, пайда келтиргендер бар», — дейт МБ лакап атындагы колдонучуусу.

«Аттарын ачык айта албасаңыз, баарын эле бир катарга коюп жамандай берген болбойт», — деп колдонуучу бүтүм чыгарды.

 

Сүрөттө: USAID уюмунун өкүлү Жалал-Абад облусунда грант алуучулар менен болгон жолугушууда                                                      

Автор: USAID

Коммерциялык эмес уюмдардын чет мамлекеттик булактардан каржылоосун көзөмөлгө алуу керекпи? Кайсы учурларда ооба, кайсыл учурларда жок? Эмнеге? Төмөндө комментарийлериңизди калтырыңыз.

ЭСКЕРТҮҮ! "Клооп" порталына ээлик кылган "Клооп Медиа" коомдук фонду да чет мамлекеттик булактар тарабынан каржыланган коммерциялык эмес уюм. Ошого карабастан, макаланын автору маалыматты так жана калыс берүүгө аракеттенди.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Бермет Абдыкадырова жана Жаркын Абдыкеримова