Ошто боло турган митинг "коркунуч" алып келүүдө

Митингдин 1-мартта болушун ЖК көпчүлүк депуттары "туура эмес" деп эсептешет. Ош шаарындагы университеттер да боло турган митингден "чочулашууда", бирок ага карабастан сабак өткөзүлөт. Ал эми Оштун айрым тургундары катардагы митинг десе, кээ бирлери ал күнү тополоң чыгып кетүүсүнөн коркушат.

"Ата-Журт" оппозициялык партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 22-февралда журналистер менен болгон жолугуушусунда Ошто 1-мартта масштабдуу митинг өткөзүлөт деп жарыялаган. «Кньюс» кабар агенттигинин маалыматында, Ташиев митингге 20 миң адам катышат деп кошумчалады.

Митингге "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да кошулат. Бул боюнча партиянын лидери Адахан Мадумаров митингчилердин талабы бул Кыргыз Республиканын 1993-жылдагы Конституцияга кайтуу жана 4-марттагы мэрдин шайлоосу таза өткөрүү деп "Вечерний Бишкек" маалыматтык сайтына берген интервьюсунда айткан.

Бул маалыматты толуктоо максатында Мадумаров менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Ташиев "Клооп мени дайыма жамандайт",–деп интервьюдан баш тартты.

"Ата-Журт" партиясынын депутаты Азамат Арапбаевдин оюнда, митингдин талабы Конституцияга кайтуу болсо, анда биринчи кезекте Бишкекте өткөрүү керек.

"Ал жерде үгүттөө катары [баардык партияларга] болуп калабы дейм ошол митингди. Андай [мурунку Конституцияга кайтабыз] деген талапты Адахан Кимсанбаевич койсо Ошко митинг кылат, эмнеге Бишкекте кылбайт? Бул иш кыйын эле болуп калды, тынч эле өтсө экен",–деп кейиди Арапбаев.

"Республика" партиясынын депутаты Нурбек Алимбековдун "Клоопко" берген интервьюсунда, шайлоонун алдында митинг болуусу "туура эмес" деген ойдо.

"Шайлоонун алдында митинг болбой эле турганы жакшы эле, бул митингди шайлоодон кийин өткөрсө болмок. Шайлоодо эч кандай административдик ресурс колдонулбай эле жатат бул митинг бир партияны колдогондой",–деген оюн айтты.

Ал эми жергиликтүү "Улуттар биримдиги" партиясынан депутаттыкка талапкер Таалай Сабиров бул митингге көз карашы "түз экендигин, өзү да катышаарын" айтты.

Университеттер чочулашууда

Ош Кыргыз Өзбек Университетинин ректору Ыдырысбек Кенжаевдин маалыматында, 1-март күнү университеттин бөлүмдөрүнө жана жатаканаларына кошумча кезметчилерди коюшат.

Ош Технологиялык университетинин проректору Урмат Атокуровдун айтуусунда, митинге карата "чочулоо бардыгында болуп жатат". Бирок ага карабастан сабакты үзгүлтүккө учуратышпайт.

"Эми чочулоо бардыгында эле болуп жатат. Бирок шаарды дүрбөтүштүн кереги жок. Азыр жөнөкөй эл гана кыйналып жатат. Саясатчылар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөшүп депутат болом деп ар кандай иштерди жүргүзүп жатат",–деди Аттокуров.

Ош мамлекеттик университетинин проректору Тажимамат Эркебаевдда кесиптешине кошулуп, митинг тынч өтүсүүнө ишенбестигин айтты.

"[…] Мамлекеттик коопсуздукту сактоо максатында иштерди [мамлекет]жүргүзүп жатат. Биз ошого ишенип, окууну жадыбал боюнча өтөбүз деп жатабыз. Бирок коркунуч. Эч ким кепилдик бере албайт азыр. Болбойт деген жерден чыр чыгып кетиши мүмкүн",–деп айтты Эркебаев.

Жашоочулар коркууда

Идиш-аяк сатуучу Феруза Хаджиахунова митинг тынч өтөрүүнө үмүт кылат бирок коркунучу бар.

"Баары бир чочулап турам менде бир аз коркуу сезими бар. Ошол күнү карап көрүп, тынч болсо базарга чыгам",– деди сатуучу.

Ал эми техникалык дүкөндүн ээси Айжан бул күндө иштээрин айтты.

"Иштебейбиз дегендер дүрбөлөӊчүлөр тынчтык митинги болгондон кийин коркуунун кереги жок, биз түнкү кайтарууну күчөтүп күндөгүдөй эле иштей беребиз",–деп сөзүн жыйынтыктады.

Ош шаарынын тургуну мугалим Амантур Култаевдин пикиринде, Кыргызстанда эртең кандай болуп кетет кепилдик эч ким бере албайт.

Редактор: Айзат Шакиева