«Улуттар аралык кастыкты тутандыргандыгы» үчүн куугунтукталган журналист Орусиядан жардам сурап жатат

Улуттар аралык кастыкты тутандыргандыгында күнөөлөнүп жаткан Кыргызстандык журналист Владимир Фарафонов Кыргызстандык укук коргоо органдарына ишенбегендиктен орусиялык бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурады. УКК айтымында, Фарафоновго карата айыптоолор лингвистикалык анализге негизделген.

Фарафонов жана «МК Азия» гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов жана саясат таануучу Александр Князев сыяктуу жактоочулары 27-февралда Орусиянын элчилигинин алдында пикет өткөрүштү. Пикет учурунда элчиликтин басма сөз катчысы Виктор Харченкого колдоо көрсөтүү жөнүндө кат тапшырышты.

Кыргызстандык укук коргоо органдарына «ишенбегендиктен» Орусиялык бийлик өкүлдөрүнөн журналист юридикалык жардам сурады.

Өткөн жылы Фарафоновго карата Кылмыш кодексинин "улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу" 299-беренеси боюнча тергөө иши козголгон.

Фарфонов сот атайын «жасалган», ал эми коопсуздук комитети шилтеме жасап жаткан лингвистикалык анализ чындыгында болгон эмес дейт.

УКК тарабынан айтылган айыптоолордун Фарафонов «жийирткенткен шоу» деп сыпаттады.

УККнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиев «Клооптун» кабарчыларына Фарафоновдун макалаларынын экспертизасын улуттук илимдер академиясы өткөргөндүгүн маалымдады. Экспертизанын жыйынтыгында «улуттар аралык кастыкты тутандыруу жана башка улуттарды кемсинтүү» фактылары аныкталган.

Токталиевдин айтымында, Фарафоновдун 30дай макаласы текшерилген.

Фарафоновдун «Русское единство» сайтында жарыяланган макаласы Кыргызстандык бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган. Бул макалада журналист 2010-жылкы этникалык кагылышууларды сүрөттөп «айылдык жаш кыргыз жигиттер кичинекей өзбек балдарынын баштарын кесип салган» деп жазган.

Фарафоновдун дагы бир макаласында «советтик бийлигинин келиши кыргыздарды улут катары сактап калган» деп жазылган.

Кайсы макалалары үчүн кыргызстандык бийлик өкүлдөрү Фарафоновду  куугунтуктоого алаарын «Клооптун» кабарчылары аныктай албады.

Журналисттин жактоочуларынын бири саясат таануучу Александр Князев, Орусиялык элчиликтин жанындагы нааразычылык акциясында Кыргызстан «агрессивдүү кыргыз улутчулдук» мезгилинде жашап жатат деди. Анын пикиринде, Фарафоновдун мисалында бийлик «башкаларга сабак көрсөтүп, үн чыгарбасын деп жатышат».

Журналист Улукбек Бабакуловдун оюнда, 299-берене боюнча Кыргызстандагы «ар бир журналисттин макаласы» туура келип калышы мүмкүн.

Фарафонов жана анын жактоочулары кыргыз тилдүү басылмалардагы улутчулдук макалалар үчүн жоопкерчиликке эч ким тартылбайт деп нааразы.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун да бул пикирди колдоп, УКК кыргыз тилдүү басылмалардагы улутчулдук макалаларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат дейт.

«УКК көп учурларда маселени бир тараптуу карайт», — дейт акыйкатчы «Клооптун» кабарчыларына.

Акундун айтымында, 2010-жылы бир топ кыргыз тилдүү гезиттер улуттар аралык кастыкты тутандырган макалаларды жазышкан, аларды эч ким жоопкерчиликке тарткан жок.

Акыйкатчынын оюнда, УКК кыргыз тилдүү жана орус тилдүү басылмалардын экөөнө тең «калыс жана негиздүү» мамиле жасаш керек.

УКК акыйкатчынын пикири менен макул эмес. Басма сөз катчы Токталиевдин айтымында, мындай учурларда «бардык жарандар бирдей укукка ээ».

УКК «48 жыл эркиңен ажыратыласын деген» дейт Фарафонов.

УККнын басма сөз катчылыгы Фарафоновдун бул сөзү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, эркинен ажыратуу мөөнөтү боюнча өкүмдү сот чыгарат дейт.

Фарафоновдун сот иши Бишкек шаарында 1-мартта башталат.

Редакторлор: Бектур Искендер жана Илья Каримджанов
Авторлор: Зарема Султанбекова жана Bstark

Которгон: Бермет Абдыкадырова