Афиша: 29-февралдан 4-мартка чейин

Шаршемби күнү ордо калаада муз үстүндө бийлөө боюнча чемпионат башталып, эки күнгө созулат. Аптанын аягында Чүй камердик оркестри көрүүчүлөргө жаңы коцерттик программасын сунуштайт. «XS» клубунда Казакстандык жана Кыргызстандык музыкалык топтор ырдашат.

Шаршемби, 29-февраль

18:30 Стилист-косметолог Анжелика Хмызенко «Стильная штучка. Занятие по макияжу!» тренингин өткөрөт. Тренинг «Консалтинг жана тренинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42, Горький көчөсү менен кесилшет). Билеттин баасы 749 сом. Сурап билүү телефону: 0 (312) 547 421

8:30-10:00; 16:00-18:00 Шаардык муз аянтында (Виноградная көчөсү 1/3) эки күндүн ичинде муз үстүндө бийлөө боюнча Бишкектин чемпионаты өтөт. Таймашуу Кыргызстандык фигуристтерди эл аралык стандартка даярдоонун этабы болуп эсептелинет. Жеңиш үчүн 37 спортсмен таймашышат. Кирүү акысыз. Сурап билүү телефондору: 0 (312) 449 519, 0 (555) 988 986

Бейшемби, 1-март

18:30 Хореограф Майа Тилебалиева жетектеген «Жазды Сальса стилинде тосолу!!!» тренинги болот. Мастер-класстын алкагында Сальса бийинин негизги элементтери, кадамдары үйрөтүлөт. Тренинг «Консалтинг жана тренинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42). Билеттин баасы 599 сом. Сурап билүү телефону: 0 (312) 547 421

Жума, 2-март

18:30 Филармонияда Евгений Гречконун жетекчилигинде Чүй камердик оркестиринин концерти өтөт (Чүй проспекти 253). Европа жана Латын Американын музыкасынан турган жаңы концерттик программасын тартуулашат: Феликс Мендельсон жана Джоакинно Россининин музыкасы, Астор Пьяццола, Карлос Гардель жана Юрий Прониндин пьесалары аткарылат. Билеттин баасы 200 сом. Сурап билүү телефону: 0 (558) 212 510


Концерттин программасы:

I бөлүм

  • Феликс Мендельсон-Бартольди — Кыл аспатары үчүн № 11 симфониясы

II бөлүм

  • Дж. Россини — кыл аспаптары үчүн №2 Соната
  • Астор Пьяццола «Oblivion» («Забвение»)
  • Астор Пьяццола «Libertango»
  • Карлос Гардель Танго «Por una cabeza» — «Запах женщины» кинотасмасынан
  • Юрий Пронин «Ла Кукарача»

18:30 Елена Ветошкина «Игрушка цвета и аромата кофе» тренингин өткөрөт. Мастер-класста тильд-оюнчуктары жөнүндө жана аларды жасоо ыкмалары жөнүндө айтып беришет. Тренинг «Консалтинг жана тренинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42). Билеттин баасы 599 сом. Сурап билүү телефону: 0 (312) 547 421

2- марттан 7-мартка чейин Спорт сарайында Эл аралык «Мода индустриясы» жарманкеси өтөт. Модельерлер өз кийимдерин тартуулашат.

Ишемби, 3-март

17:00 Кыргыз драма театрында Бишкектин музыкалык топторунун, бийчилер жана КВНчи куудулдарынын катышуулары менен Эл аралык айымдар күнүнө арналган концерт өтөт (Тыныстанова көчөсү122) . Концерттин коногу Казакстандык «DaGuddaJazz» тобу. Кеченин уландысы «XS» түнкү клубунда өтөт. Концертке билеттин баасы — 500 сом, «XS» клубуна — 600 сом, алты орундуу столго депозит 2 000 сом. Маалымат берүү телефондору: 0 (555) 350 165, 0 (709) 556 998, 0 (550) 924 439

Жекшемби, 4-март

22:00 «XS» клубунда «Каникулы в Мексике» кечеси болот.

Ямайкалык музыкант латино стилиндеги чыгармаларды аткарат. Кечеде ар түрдүү конкурстар жана «жүрөк балкыткан» бийлер болот. Билеттин баасы 350 сом. Сурап билуу телефондору: 0 (551) 177 775

Автор: Оксана Капишникова

Редактор: Илья Каримджанов

Которгон: Жаркын Абдыкеримова