Карамушкина: «Авария болгону капаландырат, бирок саясий ишмердүүлүгүмө зыянын тийгизет деп коркпойм»

26-февралда депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу мас абалында эки жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Милициянын маалыматында жүргүнчүлөрдүн бирөө каза болгон. Депутат автокатастрофа болгондугуна «өкүнүгөндүгүн» айтып, бул окуя анын саясий ишмердүүлүгүнө таасир тийгизбейт деген пикирде.

Депутат айым айдоочусу чоң атасынын өлгөнүнө суранып кеткенин айтып берди, бирок кызматтык авто унаа дем алыш күнү кандайча айдоочуда болуп калганын тактаган жок.

«Мен ага уруксаат бергем, бирок авто унаа жөнүндө сөз козгогон эмеспиз. Эми болгону болду да», — дейт Карамушкина.

Карамушкина азыркы учурда каза болгон адамдын туугандарына көңүл айтуу үчүн Кочкордо жүргөндүгүн айтты.

«Каза болгондун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүшүп келдик. Жаман да жакшы да сөздөрдү уктук», — дейт депутат айым.

Депутаттын айтымында, окуя анын саясий ишмердүүлүгүнө таасир тийгизбейт.

«Кыргызстандын жарандары менин саясий ишмердүүлүгүм жөнүндө кабардар болгонуна ишенем. Оппозициялык ишмердүүлүгүм жөнүндө. 17 жыл бою элдин алдында болдум. Кырсык болуп кеткенин баары эле түшүнөт. Айдоочу бул жалданган кызматкер», — дейт социал-демократтар партиясынын депутаты.

Ал эми Карамушкина январь айында депутаттардын ортосундагы «материалдык теңсиздикти» айтып, кызматтык транспорттун алынышына каршы чыккан.

«Клоопко» берген интервьюсунда депутаттын ишинде авто унаанын керектигин айтып кызматтык транспорттон баш тартпастыгын айткан.

Жогорку Кеңештин автоунаа башкармалыгынын кызматкери, депутатка авто унаа берилип жатканда атайын макулдашуу түзүлөөрүн айтты. Макулдашуу боюнча авто унаа кырсыкка кабылса материалдык жоопкерчилик депутатка жүктөлөт.

Чүй областынын ички иштер  башкармалыгынын ага инспектору Карима Аманкулова, 26-февралда кечки саат 7:30дун тегерегинде бир адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы жөнүндө маалымат түшкөн деп айтып берди.

«Иликтөө тобу кырсык болгон жерге барышып, Бишкек — Торугарт жолунун алтымыш жетинчи километринде айтылган автоунаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жүргүнчүлөрдүн бирөөсү ошол жерден эле каза болгон», - дейт Аманкулова.

Иликтөөнүн натыйжасында бул «0039KG» мамлекеттик номериндеги  «Тайота Камри» үлгүсүндөгү авто унаа социал-демократ депутат Ирина Карамушкинанын атына жазылгандыгы аныкталган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, айдоочу кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракет жасаган.

«Оперативдүү кабыл алынган чаралар менен айтылган автоунаа токтотулган. Авто унаанда мехникалык бузуулар аныкталган», — деп мааламдады ИИБнин кызматкери.

Аманкулованын айтымында, айдоочу мас абалда кармалган. Муну Чүй областтык ооруканасынын дарыгерлеринин жыйынтыгы тастыктайт.

Азыр, айдоочуга кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча тергөө иши ачылды — "жолдо жүрүү коопсуздугун бузгандыгы" жана "авто унааны колдонуу жана аны кооптуу жерде калтыруу" беренелери.

Авторлор: Аида Ишмухамедова жана Эльдос Казыбеков

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Жаркын Абдыкеримова