Ош базарына жакын үйлөрдү суу капташы мүмкүн

Муниципалдык «Зеленстрой» уюмунун башкы агроному Сергей Кравер, Ала-Арча дарыясы жээктен чыгып, дарыяга жакын жайгашкан үйлөрдү суу каптап кетүүсү мүмкүн экенин билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин [ӨКМ] маалыматы боюнча дарыя жээктен чыкса, алар ташкындоо менен күрөшүүгө толугу менен даяр.

Кравер шаардын башынан аягына чейин агып өткөн Ала-Арча дарыясындагы жазгы ташкындоолорду алдын алуу максатында 3 экскаватор жана 30 адам иштеп жүргөндүгүн айтып берди.

«Кыргызфильмдин» районунуда эки үй архитектуралык бузуулар менен курулуп, дарыяга өтө эле жакын жайгашкан. Мына ушундай объектилер чоң тобокелге дуушар», — деп оюн ортого салды.

ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жаныбек Жайлобаев, кызматкерлер суунун деңгээлин тынымсыз тескеп жаткандыгын, ташкындоо башталса алп урушууга даяр экендигин билдирди.

«Өмүр дарагы» адам өнүктүрүү борборунун жетекчиси Калия Молдагазиева, Бишкектин кээ бир райондорунун суу каптоо тобокели аба ырайынын тез өзгөрүлүшүнө байланыштуу дейт.

«Табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн суу ташкындоолору менен күрөшүү үчүн техниканын жана анда иштеген адамдардын санын көбөйтүү керек. 2012-жылы суу ташкындоолору көп болоору шексиз», — деп Молдогазиева белгилеп өттү.

«Ылдый тарапта жашагандарды суу каптайт»

10-кичирайонунун тургуну Наталья Еременко төрт жылдан бери шаардын түштүк тарабында жашайт, ушул төрт жылдын ичинде ал дарыяда быйылкыдай көп музду көргөн эместигин айтат.

«Кар ээрисе, шаардын ылдый жагында жашагандарды суу каптап калат», — дейт Еременко.

Онунчу жана тогузунчу кичи райондордун ортосунда, дарыянын жээгинде жайгашкан «1-0» кафесинин бармени Роман Острый, акыркы жолу дамбаны ачканда муз тилкелери кафенин фундаментине чейин урунганын айтып берди.

«Муз урунган сайын кафе титиреп жатты, Ахунбаева көчөсүнөн ылдыйыраак муз жээктен чыгып кетип, [ӨКМ] жолду тоскон», — деп кафенин кызматкери эстейт.

Ош базарына жакын жашаган Садык Ташиев, мындай кырдаалга дарыяга таштандыларды ыргыткан жүргүнчүлөр күнөөлүү дейт.

Анын ою боюнча бул жерге таштанды ыргыткандарды көзөмөлгө алып, жазага тарта турган киши керек.

Ала-Арча

Ала-Арча дарыясы Ала -Тоо тоо кыркасынын түндүк эңкейишиндеги мөңгүдөн башталат. Анын узундугу — 76 километр.Тоолордогу эриген мөңгү жана карлар Ала-Арчага келип куят.

Ала-Арча ордо калаанын башынан аягына чейин агып өтөт, анын суусу жайында шаардын парктарын сугарат.

Бул жылы дарыя 24-январда ташкындап, Малдыбаев көчөсүн каптаган. Дарыядагы муздун көптүгү ташкындоонун себеби болду.

Автор: bstark

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Жаркын Абдыкеримова