Хроника: Ош шаарында оппозициянын митинги [14:00]

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Ош шаарында оппозициялык митинг өткөрүп жатышат. Демонстранттардын негизги талабы — 1993-жылкы Конституциянын кайтарылышы жана саясий системаны өзгөртүү.

14:00 "Клооптун" кабрчысыны айтымында, митингчилер тарай башташты. Жолдордогу авто унаалардын көптүгүнөн адамдар жөө кетип жатышат.

13:58 Мадумаров митингчилердин негизги талаптары жана максаттары камтылган кайрылуунун текстин окуду. Анын айтымында, кайрылуунун тексти бардык ММКларга таратылат.

"4-марттагы шайлоону таза өткөрүш керек. Эгер шайлоо таза өтпөсө биз 5-мартта кайра ушул жерде чогулабыз", — деди Мадумаров.

13:50  Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов, митингчилердин айыптоолору жөнүндө кабардар эместигин айтты, бирок алардын баары "негизсиз" деп кошумчалады.

13:38 "Клооптун" кабарчысы Айзат Шакеева митингчилер "акырындык менен тарай башташты" деп маалымдады.

13:12 "15 миң мигранттын атынан Казакстандан келдим. Казак-кыргыз чек арасынын өтө албай жатабыз. Мындай маселелерди чечишибиз керек", — дейт өзүн Казакстандын тургунумун деп тааныштырган айым.

13:01 "Демейде митингдерге акча үчүн келүчмүн, бирок бүгүн өз демилгем менен келдим", — дейт митингде жүргөн Баткендин тургуну.

12:53 Уюштуруучулар сахнадан 25 миң митингчи келгенин айтып жатышат.

12:52 Нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин чет мамлекеттерде сүйлөгөн сөздөрүн укпагыла деп чакырды. Атамбаевдин мурдагы жумада Москвада сүйлөгөн сөздөрүн мисал келтирди.

"Кутузов кыргыздын уулу, Манас - орусиялык" — деген сөздөрдү укпагыла", — дейт Мадумаров

12:46 Аңгыча популярдуу "Дизель" форумунда Ош шаарындагы митинг жөнүндөгү теманы акыркы эки саатын ичинде 11 миң форумчу окууга жетишти. Азыркы учурда, 400дөй колдонуучу талкууга катышып жатат.

12:38 Саясат таануучу Марат Казакпаевдин айтымында, Мырзакматов шаар үчүн көп нерселерди жасады, ошондуктан Ош шаардык тургундарынын колдоосуна ээ.

Казакпаевдин пикиринде, түштүк жергесинде жашаган этникалык өзбектер мэрди колдошпойт. Анткени, алардын көпчүлүгү Мырзакматовду улутчул деп эсептешет, дейт серепчи мырза.

12:32 Мурунку төрага, "Ата Журт" партиясынын депутаты Ахматбек Келдибеков азыркы бийликти сынга алып, сахнада сүйлөп жатат.

"Эмнеге Ош шаардык кеңешке болгон шайлоолорго бийлик мынчалык кызыгып жатат?", — дейт Келдибеков сахнадан.

12:29 Азыркы бийлик "элди башкара албайт" жана Кыргызстанды өнүктүрө албайт, дейт Ташиев.

"Ошондуктан биз бүгүн митингге чыктык. Муну менен токтоп калбайбыз, бийлик элдики болот", — дейт Ташиев.

12:15 "Кыргызстан Орусия менен бирге гана өнүгө алат", — дейт Ташиев.

"Канттагы авиа базаны калтырышыбыз керек", — дейт "Ата Журт" партиясынын лидери.

Атамбаев бир жума мурун Орусияга болгон иш сапарында авиа базанын ижарасы үчүн карыздарды талап кылган. Бул жөнүндө президент "Эхо Москвы" радиосунун эфиринде маалымдаган.

Орусиялык "Коммерсант" гезити  Коргоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына шилтеме жасап, Атамбаев "туура эмес, алмаштырып айтып алды" деп жазып чыккан. Канттагы Орусиялык авиа база "акысыз" түрдө жайгашкан, ал эми Орусия башка аскердик объектилер үчүн карыз, дейт басылма.

11:55 Азыркы учурда сахнада "патриоттуулукка" чакырган акын ырдап жатат, дейт Оштогу кабарчыбыз.

11:46 Кыргызстандын коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев 4-марттагы шайлоолордо "Улуттар Биримдиги" партиясына колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү.

"Мелис Мырзакматовду колдойм", — дейт Масалиев.

11:35  Серепчи Марс Сариевдин айтымында,  азыркы күндө бийлик өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматовду ордунан кетирүүгө аракеттерди жасап жатышат. Бул түштүк шайлоочуларынын наараазычылыгын жаратууда.

"Ош шаардык кеңешке шайлоолор таза өткөн учурда деле, утулган тарап дайыма нааразы болот", — дейт Сариев.

11:29 Укук коргоочу Динара Ошурахунова  твиттер-эккаунтунда аянтка "ата журтчу" Ахматбек Келдибеков жана парламенттик шайлоолордо Жогорку Кеңешке өтпөй калган Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев келээрин жазып чыкты.

11:23 "7 апрель" кыймылынын жетекчиси Бекболот Талгарбеков Алмазбек Атамбаевди апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрү дейт.

11:12 Сахнада Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров сүйлөп жатат. "Ата Журт" партиясынын лидери митингди ачык деп жарыялады.

11:10 Ош шаарындагы кабарчыларыбызыдын маалыматында, аянтта беш миңдей адам чогулду. Аянтта Ош шаарыны мэри Мелис Мырзакматовдун партиясы «Улуттар Биримдигин» колдогон кыйкырыктар угулуп жатат.

11:07 Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчсы Замир Сыдыков, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ош шаардык ИИБден тышкары, Ош облусунун укук коргоо органдарынан кызматкерлер келгендигин айтты.

10:47 Бир жума мурун журналисттер менен болгон жолугушууда Камчыбек Ташиев аянтка 20 миң адам келээрин айткан. «Клооптун» кабарчысы Айзат Шакееванын айтымында, азыркы учурда аянтта 3000дей киши чогулду.

«Микрофон, трибуналарды орнотушту», — дейт кабарчыбыз.

«Кыргыз Журтум» коомдук бирикмесинин жетекчиси Сапаргүл Бердалиева, «7 апрель» «Кемин жаштары» жана «Санпа» коомдук бирикмелери кечээ Ош шаарына келгендигин кабарлады.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Суербек Аманов, Айзат Шакиева, Zarema Sultanbekova жана Дастан Умөтбай уулу

 Сүрөттүн автору: Мурат Омошев