Окуучу баланы сабап салган айдоочу камакка алынды

«Дизель» форумунун bota75 лакап атындагы колдонуучусу, апасына жана №61 мектептин окуучусун белисиз айдоочу сүзүп кетип, андан кийин сабап салгандыгын кабарлаган. Азыркы учурда, окуучу бала «орто деңээлдеги» жаракаттар менен ооруканада жатат. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев күнөөкөр кармалганын маалымдады.

Кечээ кечке жуук белгисиз айдоочу №61 мектеп-лицейинин окуучусу Айдар Абласовду «Космос» базарынын жанынан сүзүп кеткен. Авто унаасынан чыгып окуучу баланы сабап кирген, анан окуучу балага болушам деген айымга да кол көтөргөн дейт форумдун колдонуучусу.

«Кетип баратып айымга «арыз менен кайрылсаң үй-бүлөң менен кошо жок кылам» деген», — дейт bota75.

Айдар азыркы учурда №3 шаардык балдар ооруканасында дарыланып жатат. Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Минбай Жолоевдин айтымында, окуучу бала «орто деңгээлдеги» жаракаттар менен жеткирилген.

«Мээси чайкалып, оң билегинен жаракат алган. Кечээ түштөн кийин ооруканага алып келинди», — дейт Жолоев.

Дарыгердин айтымында, окуучунун колуна гипс коюлуп, азыр төшөктө жатат.

«Азырынча туруп басууга уруксат берген жокпуз. Жүрөгү жакшы иштебегендиктен, мурунтан эле кардиологдун да каттоосунда экен», — дейт Жолоев.

Окуучу баланын атасы «менин тынчымды албагыла» деп комментарий берүүдөн баш тартты.

«Иликтөө иши башталды»

ИИМдин басма сөз катчылыгынын ага инспектору Эрнис Осмонбаев, «авто унаа менен сүзүп кетүү» жана «сабап кетүү» фактылары боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жаткандыгын маалымдады.

«Азыркы учурда айдоочунун күбөлүгү такталып, камакка алынды. […] Дароо иликтөө жүргүзүлө баштады. Кимден маалымат түшкөндүгүн айта албайм, бирок «Дизель» форумунан эместиги шексиз», — дейт милиция кызматкери.

 «Дизель» форумундагы «сүзүп кеткен айдоочу укук коргоо органдарынан» деген маалыматты ИИМдин ага инспектору четке какты.

«Милиция кызматкери эмес. Биздин маалыматтар боюнча, таксист болуп иштейт», — деп басма сөз катчы маалымдады.

Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренеси боюнча жоопко тартылаары тергөө ишинен кийин белгилүү болот, дейт Осомнбаев.

Азыркы учурда иликтөө иши жүрүп жатат.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова