Таджикстанда «Фейсбук» коомдук тармагын колдонууга чектөөлөр коюлууда

Тажикстанда «Фэйсбук» коомдук тармагын колдонууга чектөө коюлгандыгын эки интернет-провайдер жана Интернет-провайдерлердин ассоциациясы тастыктады. Провайдерлерге чектөө коюуу жөнүндөгү буйрукту жиберген Таджикстан Өкмөтүтүн байланыш кызматынан комментарий алуу мүмкүн болбоду.

«Фэйсбукту» колдонууга тыюу салуулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 3-мартта пайда боло баштады. Таджикстандык интернет-колдонуучулар «Фэйсбуктагы» баракчаларында коомдук тармакты прокси-серверлер аркылуу гана ачуу мүмкүн экендигин кабарлашкан.

«Истера» интернет-провайдеринин маалымат кызматынын өкүлү «Клооптун» кабарчыларына «Фэйсбукту» колоднууга чектөөлөр коюлгандыгын тастыктады.

«Өкмөттүн байланыш кызматынан facebook.com сайтын колдонууга чектөө коюуу жөнүндөгү расмий кат келди. Мындан сырткары zvezda.ru, tjknews.ru сайттарына да тыюуу салынышы керектиги да айтылган. Чектөө коюуулардын себеби белгисиз», — дейт «Истеранын» кызматкери.

«Клооптун» кабарчылары жогоруда белгиленген каттын түп нускасын ала алышкан жок.

«Телеком технолоджи» интернет-провайдери, 3-март күнү түштөн кийин «Фэйсбукту» колдонууга чектөөлөрдү коё баштагандыгын маалымдады.

«Расмий кат келген жок. Жетекчиликке телефон аркылуу буйрук берилиптир. Тыюуу салуунун себептеринен кабардар эмеспиз», — дейт маалымат кызматынын өкүлү.

Таджикстан өкмөтүнүн байланыш кызматынан комментарий алуу мүмкүн болбоду. Бул органдын жетекчиси Бега Зухуровдун уюлдук телефону өчүрүлгөн экен.

Кээ бир провайдерлер чектөө коё элек

«Фэйсбукту» кээ бир провайдерлер, анын ичинен уюлдук операторлор аркылуу ачуу мүмкүн.

«Клооптун» кабарчылары байланышкан төрт интернет-провайдер өкмөттүн байланыш кызматынан кат келбегендиктен «Фэйсбукту» колдонууга тыюуу салбагандыгын маалымдашты.

Жалпысынан Таджикстанда Интернет менен камсыз кылган 9 интернет-провайдер жана 6 уюлдук оператор бар.

Таджикстан интернет-провайдерлер ассоциациясынын төрайымы Парвина Ибодоеванын айтымында, кээ бир провайдерлер дале расмий катты алыша элек.

Ибодоева Өкмөттүн байланыш кызматынын расмий катын көрө электигин айтты, бирок интернет-провайдер компаниялардын жетекчилери мындай буйруктун болгондугун тастыкташты, деп кошумчалады.

«Дүйшөмбү күнү интернет-провайдерлерге бир нече сайтты колдонууга чектөө коюуу боюнча расмий каттар  жөнөтүлгөн. Катта чектөө коюуулар «техникалык себептерден» деп түшүндүрүлгөн», — дейт төрайым.

Ибодоеванын божомолунда «Фэйсбук» коомдук тармагында Таджикстандын орчундуу маселелери талкууга алынгандыктан жана бийликке карата сындар айтылгандыктан сайтты колдонууга чектөө коюлду.

«Себептерин тактоого аракет кылам, колдонуучулардын укуктары үчүн күрөшөбүз. Расмий маалыматты күтөбүз, эгер азыр тарап жаткан сөздөр тастыкталса «кандай техникалык себептер» экенин иликтейбиз», — дейт Ибодоева.

«Фэйсбук» коомдук тармагынын Таджикстанда 30 миңдей катталган колдонуучусу бар. Ал эми өлкө боюнча Интернет-колдонуучулардын саны 1,8 миллионго жетет.

«Фэйсбук» коомдук тармагынан сырткары Таджикстанда «Фергана» жана «Центразия» жаңылыктар сайтын колдонууга чектөөлөр коюлду. Мындан сырткары, 90-жылдардын башындагы жарандык согуш учурундагы тажик исламчыларынын лидери Ходжи Акбар Тураджонзанын расмий интернет-баракчасына азыркыга чейин тыюуу салынган.

Сүрөттө: «Фэйсбука» коомдук тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг

Автор: Озод Сидиков

Редактор: Зарина Эргашева, Душанбедеги «Клооп» журналистика мектеби тарабынан даярдалды

Которгон: Бермет Абдыкадырова