Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун партиясы шайлоолордо жеңишке жетти

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы шаардык кеңешке болгон шайлоолордо добуштардын 47,35% алды. Байкоочулар бюллетень ыргытуу жана бир нече жолу добуш берүү сыяктуу бузуу фактыларын белгилешти.

«Улуттар Биримдиги» партиясынын лидерлеринин бири вице-мэр Таалай Сабиров, жыйынтыктар менен канаатангандыгын айтып, шайлоо «жакшы» өттү дейт.

«Жыйынтыктарды күтүп жатабыз. Борбордук шайлоо комитети расмий маалыматтарды бериш керек. Андан кийин ишибизди улантабыз», — дейт Сабиров.

Ош шаарында оппозициянын митинги өтөбү өтпөйбү азырынча белгисиз, дейт Сабиров. «1-марттагы митингди биздин партия өткөргөн эмес, ошондуктан митингде айтылган талаптар «Улуттар Бирмидиги» партиясы эч тиешеси жок», — деп Сабиров түшүндүрдү.

Камчыбек Ташиевдин оппозициялык «Ата журт» жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиялары шайлоо учурунда «Улуттар Биримдиги» партиясына колдоо көрсөтүштү. 1-марттагы митингде оппозиция өкүлдөрү министрлер кабинетинин отставкага кетишин жана жаңы өкмөттүн түзлүшүн талап кылышкан.

Ош шаарындагы КСДП партиясынын өкүлү Махира Гайнанова шайлоолор «одоно бузуулар» менен өттү деп нааразы. Бирок, кайсы партиялар тарабынан бузуулар болгондугун тактабады.

«Араван, Алай, Талдык, Өзгөн, Отуз-Адыр райондорунан шайлоочуларды авто унаа менен тынымсыз алып келип жатышты. Тургундардын шайлоо укугун колдонууга эч мүмкүнчүлүк беришпеди», — деп Гайнанова нааразы.

Мелис Мырзакматовдун партиясынын жеңишке жетиши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Республика» партиясынын өкүлү Абдували Токтомаматов дагы «добуштарды бурмалоо болду» деп нааразы. Анын айтымында, бузуулардын көпчүлүгү «Улуттар Биримдиги» партиясы тарабынан болду.

«Бузуулар боюнча комментарий бере албайм, бирок «Улуттар Биримдиги» тарабынан добуштарды бурмалоо болду», — дейт Токтомаматов.

Жалпысынан шаардык кеңештерге депутаттарды тандоо «Кыргызстандын шайлоо кодексинин нормаларынын чегинде» өттү дейт, «Таза шайлоо» ассоциациясы.

«Таза шайлоо» ассоциациясынын маалыматында Ош шаарында массалык түрдө бюллетень ыргытуу (тогуз участокто катталган), автобустар менен шайлоочуларды жеткирип бир нече жолудан добуш берүү (он участокто) и жана үгүттөө (он участокто) фактылары боюнча бузуулар катталды.

«№5279 участогунда массалык түрдө бюллетень ыргытуу катталды, ал эми №5288 участогунда партиялардын байкоочуларына жана биздин кызматкерлерге басым көрсөтүлүп жатат», — дейт «Таза шайлоо» ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова.

Кайсы партиялар шайлоо процессин бузгандыгын тактап айткан жок. «Клооптун» кабарчыларынын маалыматында, алдыңкы үчтүккө кирген КСДП, «Улуттар Биримдиги» жана «Республика» партияларынын үчөөнө тең түшкөн.

Ош шаарынан тышкары шайлоолор Каракол жана Токмок шаарларында да өттү.

Караколдо добуштарды саноо

Шайлоо участокторунун жабылышы менен, Каракол шаарынан шайлоо жыйынтыктары боюнча маалыматтар келбей калды. Буга себеп - жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган шаар тургундарынын нааразычылыгы болду.

Көз карандысыз байкоочулар, жаштар кыймылынын өкүлдөрү жана  «КСДПдан башка» партиялардын байкоочулары шайлоолордун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жатат, деп «Союздун» байкоочусу Акылбек Абдыкадыров кечээ Караколдон маалымдады.

«Мэриянын имаратына кирип келип, бир милиция кызматкерин сабап салышкан. БШКнын өкүлдөрү жана Каракол шаарынын мэриясы алар менен макулдашууга аракеттеништи. ЖШК (жергиликтүү шайлоо комиссиясы), партия өкүлдөрү менен бирге добуштарды саноо сунушталган. Бирок, баш аламан болуп кетти», — дейт Абдыкадыров.

Нааразы болгон элди тынчытуу үчүн милиция кызматкерлери чакырылгандыгын маалымдады. Комиссия бардык протоколдорду жана бюллетендерди бекитип, таңкы саат төрттө үйлөрүнө тарашкан. Азыркы учурда кырдаалга "баа берүү татаал" дейт байкоочу.

5-мартка карата Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча,  24 участоктун ичинен бюллетендер экөөсүндө гана саналып бүттү. Алдыңкы үчтүккө «Союз», КСДП жана «Республика» партиялары кирип, ар бири 15%дан алышты.

Токмокто добуштар саналып бүттү. «Республика» партиясы 27,85% менен биринчи орунда. Экинчи орунда 15% менен «Биримдик», 11,47% менен үчүнчү орунда «За наш город» партиясы.

Автор: Эльдияр Арыкбаев