«Уулумду уурдап кетти» деп Бишкектин тургуну милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат

Алты жаштагы Асмандын атасы Рустам Султанов баласынын уурдалышында ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерин күнөөлөдү. ИИМ айыптоолордун баарын четке кагууда.

Укук коргоочу Олег Казаковдун айтымында, Асман окуган мектептин жанынан милиция кызматкерлери Султановду уулу менен кошо камакка алып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жеткиришкен (БИИБ).

БИИБке жеткирилгенден кийин Султановдон уулун алып кетишкен.  Азыркыга чейин Асман каякта экени белгисиз, деп Казаков маалымдады.

«Алты жаштагы кичинекей жараныбыз кайда экенин Кудай гана жана мындай мыкаачалыкка барган милиция кызматкерлери гана билет», — дейт Казаков.

Алардын адвокаты Бакай Албановдун айтымында, баланын уурдалышында Султановдун мурунку аялы шектелип жатат. Алар 2011-жылы ажырашып кетишкен. Султановдун оюнда, аялы милиция кызматкерлерин жалдап, уулун чет мамлекетке чыгарып кетти.

«Биздин сот система жете албагандай кылып, Казакстанга алып кетти деп ойлоп жатабыз. Эгер сот иши Казакстанда өтсө, далилдеп берүү оор болот», — дейт адвокат.

Баланын ким менен калышы жөнүндө сот угуулары боло элек. Адвокаттын айтымында, сот Казакстандын мыйзамдары боюнча өтсө баланын апасы менен калуу мүмкүнчүлүктөрү жогору.

Султановдун өкүлдөрү, ИИМ тарабынан болгон «телефон чалуулардан» пресс-конференция жылдырылгандыгын айтышты.

"Маселе боюнча укук коргоочу «толук кандуу» кабардар эмес, өзүнүн сөздөрү менен ИИМдин аброюна шек келтирип жатат", — дейт ИИМдин басма сөз катчылыгы. Алардын айтымында, «чындыкта окуя таптакыр башкача болгон».

Басма сөз катчылыктын кызматкери "жетекчилик менен макулдашылгандан кийин"  ИИМдин расмий сайтында эртең пресс-релиз жайгаштырылат деп «Клооптун» кабарчысына сөз берди.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Фото: Илья Каримджанов  

Которгон: Бермет Абдыкадырова