Интернет-колдонуучулар Бакиевдин иниси кайда качып кеткендигин талкуулап жатат

Президент Курманбек Бакиевдин иниси Ахматбек Бакиев Бишкектин ооруканаларынын биринде дарыланып жатып «качып кеткен». Интернет мейкиндикте Бакиевдин иниси кайда жоголуп кеткендигин кызуу талкуу жаратты. Бийлик өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартты.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Ширин Айтматова «Твиттердеги» аккаунтунда [@thelostroom лакап аты менен] президенттин инисинин жоголушу жөнүндө кызуу талкуу ачкан. Айтматованын айтымында, Ахматбек Бакиевди бир ай мурун эле ооруканадан чыгарышкан.

«Ахматбек Бакиевди ооруканадан бир ай мурун көрүшкөн. Кечээ качып кеткен жок, ЖАМК, соттор, башкы прокурор муну эбак эле уюштуруп коюшкан!», — дейт Айтматова аккаунтунда.

Анын айтымында, Бакиевдин инисин ооруканага 29-январда алып келинип, ал «эки күндөн» ашык жаткан эмес. Ошондон бери аны эч ким көргөн эмес дейт @thelostroom.

@abdalievn колдонуучусу Ахмат Бакиев колония-поселениедеги  "ар бир ишемби катталып туруу керек болгон" режимден кыйналып «Түркияга барып эс алып келүүнү чечти» деп тамашалап жатат.

«Кичинекейбизде эсиңердеби кечки саат тогузга чейин үйгө келиш керек эле? Мына колония-поселение деген ушу %)», — дейт «твиттерчи».

Кээ бирөөлөр бул окуяга олутту мамиле жасап, бийлик өкүлдөрүнүн аракеттери менен нааразы:

«Бул окуя Кыргызстанда байланышы жана акчасы жок байкуштар гана түрмөдө отургандыгын дагы бир жолу тастыктайт», – деп @Rafter 2010 колдонуучусу капаланат.

Кээ бир колдонуучулар Ахмат Бакиевдин жоголушун ирония менен кабыл алып, @asanbekovich «Абактан качуу» [«Prison Break»] сериалы менен салыштырды.

«Точно! Денесинде канча сүрөт чегилен болду экен? Эми бул тасма канча серия болот?)))», — дейт @MekaTolepbergen тамашаны улай.

«Фэйсбуктун» кээ бир колдонуучулар Ахматбек Бакиевди Монте-Кристо графы менен салыштырып жатышат. Александр Дюманын романынын каарманы Монте Кристо 14 жылдык туткундан качып, душмадарынан өч ала баштаган.

Ахмат Бакиевдин жоголушу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф, Ахматбек Бакиевдин №35 колониядан качып кеткендиги жөнүндөгү маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, президенттин иниси Бишкек шаарындагы медициналык борборлордун биринде стационардык дарылануу алып жаткан.

«№35 колониянын кызматкерлери күндө келип, ордундабы жокпу текшерип кетишчү. Бирок 3-мартта текшерүү келип Бакиевди таба алган эмес», — дейт Никсдорф.

Басма сөз катчынын айтымында, азыркы учурда бардык күч структуралары Бакиевдин инисин издеп жатышат. Колония-поселениедегилер сакчы-конвоирсиз жүрүшөт, алардын «эркиндигин эч ким чектебейт», деп Никсдорф белгилеп өттү.

«Бакиев ооруканада сакчыларсыз эле жаткан. Кайтып келет деп үмттөнөбүз», — дейт басма сөз катчы.

Өкмөттүн жана президенттин басма сөз кызматы комментарий берүүдө баш тартты. Бирок президенттин басма сөз катчылыгы маалыматты иликтеп жаткандыгын кошумчалады.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Сүрөт «Азаттык» радиосунан алынды