Футбол: АФК президентинин Кубогунда «Дордой» клубу Камбоджа, Непал жана Бутандын чемпиондору менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча 2011-жылкы чемпиону — бишкектик «Дордой» АФК президентинин Кубогунда Камбоджа, Непал жана Бутандын чемпиондору менен бир группада беттешет.

Азия футбол конфедерациясынын башкы кеңсесинде өткөн чүчү кулак тартуунуну жыйынтыгы боюнча «Дордой» клубу «В» тобунда Камбоджалык «Пномпень Краун», Непалдык «Непал Полис Клаб» (НПК) жана Бутандык «Ийидзи» клубдары менен таймашат.

«В» тобунун оюндары 3-13-майда Камбоджада өтөт.

Турнирдин финалы адаттагыдай эле күзүндө болот.

Финалдук беттешүүлөргө ар бир топтун жеңүүчүлөрү жана экинчи орундагы мыкты бир команда өтөт.

Чүчү кулак тартуу:

Үч жыл мурунку АФК Кубогунда да «Дордой» «Пномпень» жана «Ийдзин» менен беттешип 3:1 жана 7:0 упайлары менен жеңишти илип кеткен.

Непалдын чемпиону «Махендра Полис Клаб» (НПКнын мурунку аталышы) менен «Дордой» 2007-жылы таймашып, 2:1 упайы менен жеңген.

АФК Президентинин Кубогунун тарыхында «Дордой» клубу эң күчтүү командалардын бири катары саналат. Катышкан бардык оюндарында финалга чейин жетип, эки жолу чемпион наамына татыган.

Кыргызстандын 2011-жылкы чемпиону аталып Дордойчулар АФК кубуогуна катышууга укук алышты.

«Дордой» Кыргызстан чемпионатында эң көп чемпион наамына татыган футбол клубу. Акыркы сегиз жылдын ичинде Кыргызстандын жети жолку чемпиону болгон. 2010-жылкы сезондо гана жеңишти Кочкор-Аталык "Нефтичиге" алдырып жиберишкен.

АФК президентинин Кубогу — Азиядагы маанилүү футбол турнирлеринин арасында үчүнчү орунда турат.

2012-АФК президентинин Кубогунда топтордун бөлүштүрүлүшү:

«A» тобу : КРЛ (Пакистан), «Тайвань Пауэр Компани» (Тайвань), «Дханмонди» (Бангладеш), «Эрчим» (Монголия).

«B» тобу: «Пномпень Краун» (Камбоджа), «Дордой» (Кыргызстан), «Непал Полис Клаб» (Непал), «Йидзин» (Бутан).

«C» тобу: «Истиклол» (Тажикистан), «Балкан» (Түркменстан), «Аль-Аммари» (Палестина), «Ратнам» (Шри-Ланка).

Автор: Бектур Искендер