Каракол: Борбордук шайлоо комитети үч участоктогу добуштардын туура саналгандыгынан күмөн санап жатат

Борбордук шайлоо комитетинин атайын өкүлү Светлана Мамедованын айтымында үч участокто добуштардын туура саналышында «БШК күмөн санап жаткандыктан" Каракол шаардык кеңешине болгон шайлоолордун жыйынтыгы азыркыга чейин белгисиз.

Караколдун шайлоо комиссиясы үч участоктогу добуштарды саноо үчүн БШКнын өкүлдөрүн күтүп жатат, деп Мамедова түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул үч участоктун жыйынтыктары боюнча БШК күмөн санап жатат.

Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясы комментарий берүүдөн баш тартты.

Борбордук шайлоо комитетинини мүчөсү Алмаз Асманалиев «маселени чечүү» үчүн БШК Караколго атайын өкүлүн жиберээрин тастыктады.

«Ким жана качан бараарын айта албайм», — дейт Асманалиев.

Шайлоо жыйынтыктарынын жокко чыгарлышы жөнүндө так жооп бере алган жок, бирок комиссия бул маселеге да көңүл бурат деп кошумчалады.

Эгер жыйынтыктар жокко чыгарылса, катачылык кетиреген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө «административдик жана кылмыш чаралары көрүлөт» дейт БШКнын мүчөсү.

Бузуулар болдубу болгон жокпу айткан жок, бирок БШК арыздарды жана кайрылууларды карап жатат деп белгиледи.

БШКнын сайтындагы маалыматка таянсак, азыркы күндө Каракол шаарында бюллетендердин 87,5 %, б.а., 24 участоктун 21де саналып бүттү. Азыркы маалыматтар боюнча социал-демократтар 20% менен биринчи орунда.

Экинчи орунда 10% менен «Республика» партиясы, ушундай эле көрсөткүч менен «Союз» үчүнчү орунда келе жатат.

Шайлоо жыйынтыктарына болгон реакция

Каракол шаарындагы алгачкы нааразычылык акциялар шайлоо участокторунун жабылышы менен эле башталган. Жаштар кыймылынын өкүлдөрү шайлоо жыйынтыктарынын жокко чыгарылышын талап кылып жатышты.

«Мэриянын имаратына кирип келишип, милиция кызматкерин сабап, баш аламандык жаратышты», — дейт 4-марттагы шайлоолордо байкоочу болгон Акылбек Абдыкадыров.

«Кыргызстан жаштар кеңеши» жаштар уюмунун мүчөсү Жеңиш Молдокматов, тескерисинче «алар тынчтык акциясын» өткөргөнбүз деп маалымдады.

«Табылган таштар, союлдар, сабалган милиция кызматкерлери — баары жалган», — дейт Молдокматов.

Анын айтымында, бардык байкоочуларга «шайлоо таза өтүү» деп күчтөп кол коюдурушкан.

«Добуш саноо учурунда бизди киргизбей коюшту», — дейт Молдокматов.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор Кыргызстандын үч шаарында — Каракол, Ош жана Токмокто өттү. Акыркы эки шаарда шайлоо участокторунун жабылышы менен эле добуштарды саноо аяктаган.

Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы, Токмок шаарында «Республика» партиясы жеңишке жетишти.

Авторлор: Раим Досункулов жана Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова