Ноокат районунун ветеринардык кызмат көрсөтүү борборунун жетекчисинин айтуусунда, аргындаштырылган уйлар, жөнөкөй малдардан берген көп сүтү жана эти менен айырмаланат. Малчылардын оюнда, анын салмагы жөнөкөй уйдан "эки эсеге оор".
Ноокат районундагы "Айболит" ветеринардык кызмат көрсөтүү борборунун жетекчиси Адилжан Расуловдун айтымында, 2012-жылдын январь айына чейин 835 мал асимиляцияланган.
Сүт жана эт багытындагы букалардын уругунан пайдаланып жатышат. Жергиликтүү уй 5 литр сүт берсе анын ассимиляциаланган швиц тукумундагы торпогу 7 литр сүт берип жатат .
"Швиц, абердин-ангус деген породадагы эки жашар үч айлык уйдан 527 килограмм [эт берет], биздеги төрт жашар жергиликтүү уйдан 250-270 киллограмм эт алынып жатат",—деп түшүндүрдү Расулов.
Ошондой эле ветеринардык врач урукту негизинен азот менен сактаганын кошумчалады.
"Анан ал азотту 25-30 жылда бир Бишкектен алып келебиз. Суюк азот куюлат анан 100 жылга чейин болсо да тура берет. -196 градуста сакташ керек",— деп сөзүн жыйынтыктады.
Ноокаттагы мал багуучу Абдумутал Абдиллахатов да Расуловдун сөзүн тастыктап, малын швиц тукумунун букасы менен уруктандырганын айтты. Өзгөчөлүгү аргындаштырылган малдар "тез өсөт".
"[...] Cатып жатканда Ноокаттын жергиликтүү эки жашар малы швиц түрүндөгү бир жашар малга барабар болот. Мисалы ошол эки жашар [жөнөкөй] уйду 45 миңге сатса, ал эми бир жашар швиц породасындагы уйду ошол эле акчага сатса болот",—деди Абдиллахатов.
Мал багуучу Алмаз Турдуевдин "Клоопко" берген маалыматында, ассимиляцияланган уй жергиликтүү букадан урукталып торпогу жөнөкөй болуп калган.
"Моюндары жоон, кулагы жоон, савлаттуу [сөөк сактуу] былтыркы мурунку жылкылар чоң эле",—деген өз оюн билдирди.
"Өнүктүрүү керек"
Ош шаардык ветеринардык бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыкадыровдун оюнда, мындай секторду өнүктүрүү жана малды жыл сайын лабораториялык анализден өткөрүп туруу керектигин айтты.
"[...] Баардык айыл чарба продукциясын лабораториялык анализден өткөрүлүп туруп анан элге саткызылат. Анан малды дагы бир жылда бир жолу канын алып изилдеп турушат",—деди Абыдкадыров.
Кара-Суу районундагы ветдогтур Османали Орозбаевдин айтуусунда, аргындашылган уйлар бир гана Ноокатта эмес жана Кара-Суу районунун Калинин айылында да багылат. Мындай малдын эти жана сүтү жөнөкөй уйлардагыдай баардык витаминдерин сактап калат.
"Талап кыла турган чөптү, жемди бересиң да. Берки малдын торпогу төрт жылда чоңойсо, эки жылда ошонун салмагынан да ашышы мүмкүн, эч зыяны жок [асимилициялынган уйдан]",—деп айтты ветдогтур.
2007-жылы ЮСАИДдин "Мэрсико" деген компаниясы тарабынан конкурс жарыяланып, аргындаштырылган букалардын 200 доза (урук) Ноокат районундагы "Айболит" ветеринардык кызмат көрсөтүү борборунуна гранттык линияда берилген.
Редактор: Айзат Шакиева