БУУ: Кыргызстанда лесбиян айымдарды «дарылоо үчүн зордуктоо» тажыйырбасы колдонулат

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча ага комиссары Наванатхем Пиллэй өзүнүн докладында Кыргызстандагы лесбиян айымдарды «туура жолго кайра түшүрүү» максатында атайын зордукташат деп маалымдады.

БУУнун адам укуктары боюнча ага комиссары Наванатхем Пиллэй, Кыргызстандагы лесбиян айымдар зордуктоого кабылуу «тобокели күндөн-күнгө өсүүдө» деп маалымдады.

«Айымдарга каршы зомбулук боюнча атайын катчы Түштүк Африка, Кыргызстан жана Сальвадордогу трансексуалдар, бисексуалдар жана лесбияндар үй-бүлөдө зомбулукка кабылып, топ адамдардын зордуктап кетүүсүнө чалдыгып жатышкандыгын кабарлады», — дейт Пиллэй өзүнүн докладында.

Лесбиян айымдын сексуалдык ориентациясын алмаштыруу үчүн эркектин зордуктоосу керек деген «миф жана жаңылыштык ойду» түшүндүрүү үчүн Пиллэй докладында «айыктыруу үчүн зордуктоо» сөз айкашын колдонду.

«Эгер лесбиян айымды эркек зордуктап кетсе сексуалдык ориентациясын өзгөрөт деген жаңылыштык ойлор бар», — дейт БУУнун адам укуктары боюнча ага комиссары.

Бразилиядагы ЛГБТ (лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр) өкүлдөрүнүн маселелери боюнча улуттук кеңештин вице-президенти Ирина Карла Баччи лесбиян кызды «дарылап жатам» деп бир эркек 5 саат бою зордуктаганын айтып берди.

БУУ биринчи жолу адам укутары боюнча комиттетин сессиясында толугу менен ЛГБТ коомчулгунун өкүлдөрү жана аларга карата болуп жаткан зордук-зомбулук маселелерин талкууга чыгырышты.

Талкуу БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун сексуалдык ориентациянын негизинде дискриминациялоо менен күрөшүүгө чакырган видео-кайрылуусу менен башталды.

«Адам укуктары боюнча комиттетин мүчөлөрү катары, мындай көрүнүштөр менен күрөшүшүңөр керек. Ал эми лесбиян, гей, бисексуал жана трансгендүүлөргө — «силер жалгыз эмессиңер» демекчимин. Силердин күрөшүңөр — биздин да күрөш. Силерге болгон кол салуулар — БУУнун адамзат баалуулуктарына кол салуу менен тете», — дейт Пан Ги Мун.

«Жакындардын зордугу»

Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон «Лабрис» уюмунун адвокация бөлүмүнүн жетекчиси Лилия Тен, көпчүлүк учурда лесбияндар эң жакын адамдары: атасы, ага-инилер жана достору тарабынан зордукка кабылат деп айтып берди.

Анын айтымында, чындыкты айткан кызды эмес, көпчүлүк учурда ошол кыздын шеригин зордукташат.

Зордуктоонун эки негизги себеби бар дейт Тен. Биринчиси — гомосексуалдуулук үчүн жазалоо, экинчиси — «дарылоо». Зордуктагандар лесбиян кыз эркек менен сексуалдык катнашта болсо «ал кайра нормалдуу болуп калат» деп ойлошот, дейт Тен.

Туугандары тарабынан зордуктоого кабыл болгонун айтуудан коркушуп, кыздар дайыма эле «Лабриске» келе бербейт, дейт Лилия.

Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнүн негизги маселеси коомчулуктун «жабык» болгондугу дейт «Лабристин» өкүлү.

«Эгер адамды эч ким байкабаса - демек ал жок. Адам жок — көйгөй да жок», — дейт Тен.

«Бишкек феминисттик СКью демилгесинин» активисти Галина Соколова,  айымдар зордукка туугандары тарабынан эле эмес, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан да кабыл болоорун айтты.

Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» (HRW) укук коргоо уюмунун Кыргызстан боюнча 2008-жылы жарыяланган докладында, айымдардын милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоого кабылышы жөнүндө мисалдар берилген.

«Түн, тегерегиң жалаң тоо, авто унаадан чыккандан корком. Алардын адамгерчиликтүүлүгүнө үмүттөнүп жаткам. Бир аздан кийин токтодук... Анан кезеги менен зордукташты», — дейт Дамира HRWге берген интервьюсунда.

Соколованын айтымында, кыздын лесбиян болгонун укканда адамдар көпчүлүк учурда «жек көрүү, уялуу, жинденүү» сезимдерине кабыл болушат.

Ичик иштер министрлигинин басма сөз катчылыгы азырынча комментарий бере албайм, бирок бул маселени кылдаттык менен иликтеп чыгаарын айтты.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Сүрөттө
: Вашингтондогу теңдик маршы. Автор: Кайл Раш, Flickr.comдон алынды