"Интербилим": Өзбекстандык кыргыздар Кыргызстан жарандыгын алалбай жатууда

"Интербилим" коомдук фондунун 1 мартка карата маалыматында, Өзбекстандан Жалал-Абад облусуна көчүп келген  кыргыз кайрылмандардын саны 1000ге жакын. Этникалык кыргыздардын айтымында, жарандык алуу үчүн бир жыл күтүүдө. Паспорттук бөлүмдүн маалыматында, узак мөөнөт күтүү алардан көз каранды эмес.

"Интербилим" КФнун изилдөөсү боюнча, 2010-жылдагы түштүктөгү этникалык коогалаңдан соң Өзбекстандан 1000ге жакын этникалык кыргыз Жалал-Абад облусуна көчүп келген. Анын ичинен 8 гана Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала алган.

"Интербилим" жөнөткөн электрондук маалыматта, изилденип жаткан аймактагы эң негизги көйгөйлөрдүн бири бул КРнын жарандыгы жоктугуна байланыштуу этникалык кыргыздар "көп мүмкүнчүлүктөрдөн чектелгендиги" айтылган.

Алар Өзбекстандагы өздөрүнүн үйлөрүн жана мүлктөрүн таштап келишкен. Ошондуктан изилдөөчү топ аларды "аргасыз мигранттар" деп аташат.

Ошондой эле Кыргызстандын ичине киргенден соң керектүү документтерди толтуруп мыйзам боюнча "Кайрылман" деген статус алат.

Кайрылман бул — башка өлкөнүн жараны болгон же жарандыгы жок болгон, өз каалосу менен тарыхый мекенине кайтып жаткан этникалык кыргыз.

Узак мөөнөт күтүүдө

Торук айылынын жергиликтүү депутаты Замирбек Айтмаматовдун (кайрылмандарга документтерди толтуруу боюнча жардам берет) айтымында, алардын Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келген себеби -  этникалык кооглаңдан кийин аларга өзбек бийлиги "кысым көрсөтө баштады".

"Биз этникалык коогалаңдан кийин келдик себеби өзбек бийлиги кысым көрсөтө баштады [...]. Анан кайрылман статусун алганда аларда кыйынчылык деле болгон жок, болгону Кыргызстандын жарандыгын алганда кыйынчылыктар кездешип жатат", — деди Айтмаматов.

Айтмаматов кошумчалагандай, этникалык кыргыздар жарандык алгычакты алардын "Кайрылман" статусунун мөөнөтү өтүп кетүүдө.

"Алардын кайрылман деген статусун узартыш керек. Ал үчүн документтерди кайрадан Жалал-Абадка жөнөтүш керек. Анан да аларга бир юрист болгондо мыйзам жөнүндө кеңеш бергени", — деди ал.

Кайрылман Нүргүл Алимбекова этникалык коогалаңдан кийин үй-бүлөсү менен чек араны ашып, көчүп келгенин айтып берди. Азыр ооруп паспорт жоктугунан ооруканага кайрылалбай жатат. Бирок кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерин төрт ай мурун эле тапшырган.

"Балдарымды Орусияга иштегени жөнөтө албай жатам. Бизге медициналык жардам да болбой жатат. Азыр мен ооруп жатам, менин өтүмдө таш бар экен жана үчүнчү даражадагы зоб дагы бар экен. Мага кыйын болду, мага операция кылуу керек экен, бирок акча жок. Биз азыр парниктерде иштеп жатабыз, алар бизге күнүнө 200-250 сомдон төлөп беришет",—деп кейиди Алимбекова.

Кайрылмандар эмнеге паспорт берүү мөөнөтү мынчалык узакка созулаарын билишпейт.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын паспорттук бөлүмүнүн башчысы Арстан Матаев "Клоопко" берген интервьюсунда, жарандык алуу мөөнөтү кайрылмандар үчүн бир жыл түзөөрүн айтты. Мындай узак мөөнөт паспорттук бөлүмдөн көз каранды эмес деп маалымдады.

"Анын кеч келгенинин себеби ал президенттин буйругу менен келет. Жөн эле заводко барып чыгып келбейт", —  деп түшүндүрдү ал.

Редактор: Айзат Шакиева