Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Эльмира Шерипова Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош авто жолунда көчкү түшүү коркунучу күтүлгөнүн жана жолдун тайгак болоорун маалымдады.
ӨКМнын басма сөз катчысы аба ырайынан Бишкек-Ош авто жолунда кар көчкүнүн күтүлүшү жөнүндө маалымдады.
«Жаан-чачындардан улам Бишкек-Ош жолунда жана Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар көчкүсү болушу мүмкүн», — дейт Шерипова.
Айдоочуларга авто унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыктын сактоо керектигин эскертти.
«Кар көчкү коркунучу күтүлгөн жолдордо мүмкүн болушунча түнкүсүн жүрбөгүлө», — дейт басма сөз катчы.
Кээ бир тоолуу райондордо кар көчкүнү алдын алуу үчүн атайын ок атуулар болуп жатат.
Басма сөз катчынын маалыматында, азыркы учурда Сары-Таш — Карамык авто жолунун 95-километринде ок атуулар жүргүзүлүп жатат.
«Адамдын жашоосуна коркунуч көрсөтүп, кар көчкүсү күтүлгөн үч райондо ок атуу жүргүзүлдү», — дейт Шерипова.
« Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматында Бишкекте мындай төмөн температура 15-мартка чейин сакталат.
Бул айда эң суук күн 2-мартта каталган. Абанын температурасы -8,4 градуска чейин төмөндөгөн.
Автор: Раим Досункулов
Которгон: Акылай Нурбакытова