Токмок: шайлоо жыйынтыктары кайра саналбайт

Токмок шаардык соту шайлоо жыйынтыктары «кайра саналбайт» деп өкүм чыгарды. Бул маалыматты аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) да тастыктады. Шайлоолордо төртүнчү орунду алган социал-демократтар бул чечим менен макул эместигин айтып, жогорку сот инстанцияларына кайрылаарын кабарлашты.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Эльвира Жакыпова, шаардык сот шайлоо жыйынтыктарын "кайроо саноо мыйзамсыз" деп өкүм чыгарганын айтты.

«Бардык шайлоо участокторунда добуштарды кайра санап чыгуу жөнүндөгү АШКнын 2012-жылдын 7-марттагы протоколун сот жокко чыгарды», — дейт Жакыпова.

Анын айтымында, соттун өкүмү боюнча комиссия башка инстанцияларга кайрылабы же жокпу азырынча белгисиз. Анткени АШКнын бардык мүчөлөрү соттун өкүмү боюнча кабардар эмес.

«Сот өкүмүн жокко чыгаруу үчүн кайра арыз жазабыз го. Комиссия мүчөлөрү баары чогулуп чечим кабыл алыш керек», — дейт Жакыпова.

4-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыктары боюнча, 28% менен Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы жеңишке жетишкен.

Төртүнчү орунду ээлеген социал-демократтар партиясы шайлоо учурунда бузуу фактылары болгон деп, добуштардын кайра саналышын талап кылган.

Добуштардын кайра саналышы жөнүндөгү маалыматты «Республика» партиясынын жактоочулары терс кабыл алышып, 9-мартта миңдеген адамдын катышуусу менен Токмок шаарынын борборунда митинг өткөрүшкөн.

Митинг уюштуруу менен бирге «Республика» партиясынын өкүлдөрү АШКнын "добуштарды кайра саноо жөнүндөгү чечими мыйзамсыз" деп сотко арыз менен кайрылышкан. Сот "Республикачылардын" арызын канаатандырган.

«Республикачылардын» юристи Абдували Акбаралиев «утулуп калган партиялардын 20дай мүчөсүнүн басымы менен» добуштарды кайра саноо демилгеси көтөрүлгөн, деди «Клоопко» берген интервьюсунда.

КСДП партиясынын Токмок шаардык штабынын жетекчиси Урмат Аскаров «Клоопко» берген интервьюсунда Токмок шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн партия жогорку сот инстанцияларына кайрылаарын айтты.

Бул КСДП жана «Республика» партиялары ортосундагы тирешүү эмес деп баса белгилеп өттү, анткени, бул эки партия республикалык масштабда шериктештер, дейт Аскаров.

«Эгер чын эле жеңүүчүлөр болсо, эмнеден коркуп жаткандыгын түшүнбөйм. Бузуулар «Республика» партиясы тарабынан болду деген жокпуз да. Болгону, 4-марттагы шайлоолордо дээрлик бардык участоктордо мыйзам бузуулар болгондугун айттык», — дейт Аскаров.

«Эч кимди атабай элебиз го, балким башкаларды айтып жатканбыз. Биз болгону таза шайлоо үчүн деп жатабыз», — дейт социал-демократтардын өкүлү.

Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоолордо «Республика» партиясы 27,85% добушка ээ болуп биринчи орун алган. Экинчи орунда 15% менен «Биримдик», үчүнчү орунда 11,47% менен «За наш город» партиясы, ал эми социал-демократтар 8,8% добуш менен төртүнчү орунду ээлеген.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев