Афиша: 13-марттан 17-мартка чейин

Аптанын биринчи жарымында «Өзүңдүн кайталангыс имиджиңди жаса!» аттуу тренинг өтөт. 17-мартта Бишкектин тургундары белгилүү япон опера ырчысы Акаико Хаякава жана дирижер Коичи Иноуэнин катышуусу менен «Чио-Чио-Сан» операсына күбө боло алышат.

Шейшемби, 13-март

18:30 Зухра Успанованын жетекчилигинде «Өзүңдүн кайталангыс имиджиңди жаса!» аттуу тренинг өтөт. Имиджи кантип түзүү керек, кийимдин жардамы менен дене мүчөлөрүн корекциялоо ыкмалары айтылат. «Консалтинг жана тренинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42). Сурап-билүү телефондору: 0312 547421. Билеттин баасы: 999 сом

Шаршемби, 14-март

18:00 «Сейтек» балдар борборунда жаш таланттардын концерти өтөт. Алып баруучу Алексей Филатов.

Эркиндик бульвары 57. Сурап-билүү телефондору: 0543 006090, билеттин баасы 200 сом.

18:30 Елене Ветошкина «Кофе жытындагы оюнчуктар» [«Игрушка цвета и аромата кофе»] аттуу тренинг өткөрөт. Тильд-оюнчуктарды даярдоо ыкмалары жана эскиздер менен иштөө боюнча мастер-класс болот. «Консалтинг жана тренинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42). Сурап-билүү телефондору: 0312 547421. Билеттин баасы: 599 сом

Бейшемби, 15-март

16:00 «Локомотив» муз аянтчасынын ачылышы өтөт. Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен, муз үстүндөгү бийдин коштоосунда салтанаттуу ачылышы азем болот.

Осмонов көчөсү 1, тел.: 0312 927400, кирүү акысыз

Жума, 16-март

18:30 Улуттук филармонияда «Испан этюддары» аттуу концерт өтөт. Концертте сарсуэл (испан опереттасы), классикалык романстар жана популярдуу испан тилиндеги ырлар жаңырат. Ырлардын көпчүлүгү Кыргызстанда биринчи жолу аткарылат.
Адрес: Чүй проспекти, 253, тел.: 0559-580419, 0777-580419. Билет баасы: балкон — 200 сом, амфитеатр — 300 сом, партер — 500 сом.

Ишемби, 17-март

13:00 Майа Тилебалдиева менен «Бачата бийлейбиз!» («Танцуем бачату!») аттуу тренинг өтөт. Бийдин негизги кадамдары, бурулуштар, композиция түзүү боюнча мастер-класс өткөрүлөт.
«Консалтинг жана трениг борборунда» болот (Чехова көчөсү 42) тел.: 0312-547421. Билеттин баасы: 599 сом.

17:00 Опера жана балет театрында белгилүү япон опера ырчысы Акико Хякава (сопрано) жана дирижер Коичи Иноуэнин катышуусу менен «Чио-Чио-Сан» операсы болот.

Джакомо Пуччининин үч сахнадан турган бул операсы Кыргызстан жана Япониянын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын 20 жылдыгына жана театрдын 70-жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.
Адрес: Абдрахманов көчөсү, 167, тел.: 0312-661841.

21:00 «ФАБ БАР» клубунда «Платинум» тобунун презентациясы өтөт. Топтун солисти Саламат.
Адрес: Фрунзе көчөсү 338/а, тел.: 0558-100100, 0312-624019.

Автор: Оксана Капишникова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев