Ахмат Бакиевдин качып кетүүсүнө ким күнөөлүү аныкталып жатат

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) Ахматбек Бакиевдин качып кетүүсүнө тиешеси бар деп күнөөлөдү. ЖАМКтын өкүлдөрү Бакиевдин инисинин «үлгүлүү жүрүм-турумунан»  жазасы жубатылган дейт.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Туратбек Малдыбеков Ахматбек Бакиевдин качуусу «2010-жылы эле пландаштырылыган» дейт.

«ЖАМК мыйзам чегиндеби же мыйзамсыз түрдөбү — жаза өтүү режимин өзгөртүшкөн. Мурун катуу шарттарда кармалса, эмнегедир колония-поселениеге алмаштырылган», дейт депутат мырза.

Депутаттын айтымында, ЖАМК Ахматбек Бакиевдин качып кетүүсүнө көмөк көрсөткөн. Анткени, президенттин инисинин качып кетүүсү күч структураларынын катышуусуз өтүү мүмкүн эмес.

«Бир айдан кийин Бакиевдин кайда экенин билет болушубуз керек... […] Колдо бар фактылар боюнча Бакиев самолет менен учуп кетти десек болот. Так ушундай деп айталбайм, бирок шектенип жатам», — дейт Малдыбеков.

Социал-демократ Ирина Карамушкина Ахмат Бакиевдин качып кетүүсү ЖАМКтын кызматкерлеринин «бейбаштыгынын» көрсөткүчү дейт. Анын айтымында, Бакиевдин качуусу бир же эки эле адам тарабынан пландаштырылган эмес.

«Коммент.кж» порталында айтылган версиялардын бири боюнча Ахмат Бакиев жеке учак менен чет мамлекетте эбак эле учуп кеткен.

Карамушкина мындай версияларды «жалган» дейт. Анын айтымында «учак жөнүндөгү ушактар» атайын көңүлдү башка нерсеге буруу үчүн таратылган.

«Чындыгында, азыр башка бир жерде кырдаалдын тынчтанышын күтүп жаткандыр. Чек арачылар тоо аркылуу Ооганстанга же Тажикстанга кетиши мүмкүн деп айтышты го. Мындан сырткары, алар Бакиев кармалат деп кепилдик бере албайбыз деди», дейт депутат айым.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф, алардын мекемеси баарын «мыйзам чегинде» жасагандыгын айтты.

«Депутаттар маселени алыстан баштап, ЖАМКтын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды бурмалап салды. Ар бир камакка алынган адам колония-поселениеге которулууга, жазасынын жубатылышына укугу бар. Бардыгы адамдын жүрүм-турумуна жана өтөгөн жазасына байланыштуу», дейт ЖАМКтын басма сөз катчысы.

Анын айтымында, ЖАМКтын кызматкерлеринин Ахматбек Бакиевдин жүрүм-турумуна эч бир претензиясы жана арыздары болгон эмес. Колония-поселениедегилердин «эркиндигин эч ким чектебейт» деп Никсдорф дагы бир жолу белгилеп өттү.

«Эгер колония-поселениедеги адамдар сакчы-конвоирлер менен жүрсө, бул мыйзам бузуу болмок»,  дейт Никсдорф.

Атайын тергөө тобу Бакиевдин качуусу боюнча иликтөө жүргүзүп жатат, бирок азырынча «жыйынытктар жок» дейт басма сөз катчы.

ЖАМКтын маалыматы боюнча 2012-жылдын 24-январында президенттин инисинин ден-соолугунун начарлашынан жеке ооруканалардын бирине жеткирилген.

Никсдорфтун айтымында, Бакиев боорундагы цирроздон дарыланып жаткан. Жоголуп кетүүдөн мурун, өзүн жакшы сезип калган, ошондуктан өз алдынча кыймылдачу.

«Өзүн бир аз жакшы сезип калган. Ооруканада сакчылар жок болгондуктан, адам эркин эле чыгып кете алат эле. Балким ага бирөө келгендир. Ооруканадан чыгып алып маршруттук таксиге отуруп кетти дегенден алысмын»,  деп басма сөз катчы кошумчалады.

Ахмат Бакиев 2010-жылдын июль айында камакка алынган. «Бейбаштык, мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана алдамчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жети жылга эркинен ажыратылып, түзөтүүчү колонияда жазасын өтөмөк. Бирок амнистия боюнча жазасы 2014-жылга чейин кыскартылган.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев