Бишкек шаардык соту УККнын бюджетин ачыкка чыгарууга тыюуу салды

Юрист Нурбек Токтакуновго Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) бюджетин жарыялоого тыюуу салынды. Бишкек шаардык сотунун айтымында, мындай маалыматтар «жашыруун маалыматтар» катарына кирет. Токтакунов, өз кезегинде "парламенттик угууларда берилген" деп УККнын каржы сметасын сот залындагыларга таратты.

Укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакунов, УККнын бюджети жашыруун болбош керек дейт.

Токтакунов «Мамлекетик органдар жана жергиликтүү башкаруу органдарына тиешелүү маалыматты алуу жөнүндөгү» мыйзамга шилтеме жасап жатат. Бул мыйзам боюнча, улуттук коопсуздук кызматынын бюджети да ачыкка чыгарылыш керек.

Токтакуновдун УККнын бюджетин ачыкка чыгаруу боюнча сот иши 2012-жылдын январь айынан бери болуп жатат.

«Мындай маалыматтын ачыкка чыгышы эч кандай зыян тийгизбээрин адамдардын баары түшүнөт», — дейт Токтакунов.

2012-жылга чейин УККнын бюджети парламенттик угууларда ачык эле талкууга алынып жүргөн, дейт юрист.

Эмнегедир быйылтан баштап УККнын бюджети «мамлекеттик сыр» категориясына кирип калды, деп Токтакунов нааразы.

Биринчи инстанциядагы сот дагы укук коргоочунун "бюджетти ачыкка чыгаруу жөнүндөгү" арызын канаатандырган эмес.

Ушундай эле өкүмдү 14-мартта Бишкек шаардык соту да чыгарды. Сот Антонина Рыбалкинанын чечими боюнча, УККнын бюджети жашыруун бойдон калыш керек.

Токтакунов «бюджетти жарыялап салган адам менен эмне болот?» деп УККнын юристи Ярослава Баженовага суроо узатты.

Мындай кадамга барган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат, дейт Баженова.

Баженова «Мамлекеттик сырды сактоо» жөнүндөгү мыйзамдын бешинчи беренесине шилтеме жасады. Бул берене боюнча, мамлекеттик сыр бул — «мамлекеттин коргонуу жөндөмдүгүнө,  коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына оор залал тийгизе турган маалыматтар».

Баженованын мындай сөзүнөн кийин Токтакунов сот залында отургандардын баарына улуттук коопсуздук кызматынын бюджетин таратып берди. Бул бюджетти парламенттик угууларда алдым, дейт юрист.

«Мурунку жылдарда УККнын бюджети парламентте ачык эле талкууга алынып жүрбөдү беле. Кылмыш ишин козгой бергиле, балким ошондон кийин мындай кырдаалда жылыш болот», — дейт Токтакунов.

Токтакунов тараткан бюджеттин тактыгын текшериш керек, дейт Баженова.

Токтакунов тараткан маалымат боюнча УККнын 2012-жылга карата бюджети 1 миллиард сомдон ашык.

Урматтуу колдонуучулар, УККнын бюджети жашыруун маалымат болуш керекпи? Эмнеге? Комментарийлериңизди төмөндөгү формада калтырыңыз.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Зарема Султанбекова