20 жыл кыргызча чыгып келген "Аалам" гезити өзбек тилинде басылды

«Аалам» гезитинин өзбек тилиндеги алгачкы номери 7-мартта чыкты. Редакциянын айтымында, өзбек тилде басылганы — улуттар аралык достукту чыңдоо. Окурмандар жана Оштун ММКлары гезиттин кыргызча эмес чыккандыгында ар кандай пикирде.


"Аалам" гезитинин башкы редактору Cахиба Кадырова «Клоопко» берген интервьюсунда, президент Атамбаевдин "Этникалык биримдик туралуу" буйругуна таянып, акыркы номер өзбек тилинде басылгандыгын, бирок мындан ары кыргыз,өзбек тилдеринде башка-башка чыгараарын айтты.

"Түштүк тарапка сырттан гезиттер кирип жатат. Ошол сырттан окубай өзүбүздүн маалыматты окусун, эң негизгиси достукту орнотуу. Андан сырткары президенттин буйругу бар. Ал буйрукту этникалык биримдик тууралуу так көрсөтүлгөн [...]»,—деди башкы редактор.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында өзбек тилинде чыгып жаткан «Эл бирлиги» гезитинин редакторунун орун басары Давронбек Насипханов «Ааламдын» өзбек тилинде чыгышы «кубанаарлык көрүнүш» деп оюн билдирди.

"Ушул жерде жашап жаткан эл өзүнүн тилинде маалымат алышка акысы бар[...]. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды өзүнүн тилинде окуса элге ошончолук жакшы",— деп айтты Насипханов.

Бирок Оштогу студенттик "Нур" гезитинин башкы редактору Улукбек Омокеевтин билдирүүсүндө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн "көпчүлүктү түзгөн улуттун тегерегине бардыгы топтолуш керек".

"Расмий же мамлекеттик тил болбогондон кийин, өзбек тилинде берүүгө анча деле зарылдыгы жок. Менимче бул кайрадан улуттар арасындагы ажырымды пайда кылат. Тил маселеси кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн. Жалпы эл, окурмандар кандай кабыл алат алардын өз эрки",—деди Омокеев.

"Ааламдын" окурманы Алтынай Балтабаева, гезиттин 20 жылдан бери кыргыз тилинде чыгып келип, эми өзбек тилинде чыгышына терс көз карашта.

"Ушул мезгилге чейин кыргыздын нукура салтарын чагылдырып келген газета, эми башка элдин үрп-адаттарын чагылдыргандыгына мен макул эмесмин",—деп нааразы болду Алтынай.

ОшМУнун студенти Айымпаша Төлөнбай кызынын оюнда, өзбек тилиндеги гезитти жаңы ат менен башкача кылып чыгарса болмок.

"Буга менин көз-карашым — өзбекче чыкканына деле каршы эмесмин. Бирок 20 жылдан бери кыргызча чыгып келген газета өзбекче аралашып кеткени туура эмес",—деди Айымпаша.

Ош шаарынын жашоочусу Алишер Рахмедов гезиттин өз эне тилинде чыкканына кубанычта.

Өзбекче гезиттер жетиштүү эмес

"Журналисты" коомдук бирикменин жетекчиси Марат Токоевтин "Клоопко" берген интервьюсунда, мурун өзбек тилинде телеканаладар гана болгондуктан, адамдар Өзбекстандык гезиттерди окугандыгын айтты.

"Эми буларга жакшы шарт түзүлүп берилди. Кыргызстандан чыккан өзбек тилдүү гезит болуп[...]. Биздин конституцияда бекитилген ар бир улут өзүнүн тилин өнүктүрүүгө укуктуу деп. Өзбекче гезит чыкканын колдой турган эле нерсе",—деди Токоев.

Медиа Полиси Инстутунун өкүлү Ахматбек Алагушев да мындай көрүнүштү колдоп, борбордогу маалыматты этникалык өзбектер өздөрүнүн тилинде окуй алышат дейт.

"Аалам" гезити буга чейин кыргыз тилинде жарык көрүп келген. Газета биринчи жолу 1991-жылы 4-апрелде Шамшыбек Медетбеков тарабынан уюштурулуп жарыкка чыккан. Азыркы күнгө чейин Медетбековдун жетекчилигинде иштеп келет.

Ош шаарында өзбек тилдүү "Уш соадасы" жана 2012-жылдын февраль айынан баштап жарык көрүп келе жаткан "Эл бирлиги" гезеттери бар.

Редактор: Айзат Шакиева