"Улуттар Биримдиги" партиясы эки мандат үчүн БШК менен соттошот

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы үч шайлоо участогундагы добуштардын жокко чыгарылышы боюнча БШКны сотко берет. БШКнын акыркы жыйынтыктары боюнча «Улуттар Биримдиги» шаардык кеңеште көпчүлүк мандаттка ээ болбой калды.

4-марттагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештеги 45 орундан 23 мандат алышыбыз керек болчу, дейт "Улуттар Биримдиги" партиясы.

Үч участоктогу добуштардын жокко чыгарылышы менен мэрдин партиясы күтүлгөн 23 эмес 21 мандаттка ээ болгон.

«Улуттар Биримдиги» партиясынын лидерлеринин бири Таалай Сабиров «Клоопко» берген интервьюсунда, үч участоктогу добуштардын жокко чыгарылышы боюнча БШК менен соттошобуз дейт.

«Азыр чечим кабыл алына элек. Бул эки мандатты ким бизге бере коймок эле? Маалыматыбыз боюнча, бул эки орун НДПК жана «Замандаш» партияларына берилди. Сотко берели деп жатабыз, анткени «Замандаш» партиясынын бул эки мандатка укугу жок. Биздин орундарыбызды алып, башка партияларга берип салалы деп жатышат», — дейт Сабиров.

БШКнын расмий маалыматтары боюнча «Замандаш» жана НДПК (Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы) бирден мандат алышкан. Расмий жыйынтыктарга чейин, бул эки партия бир дагы орунга ээ болгон эмес.

«Улуттар Биримдигинин» негизги атаандашы — социал-демократтар Борбордук шайлоо комитетинин адилетттүүлүгүнөн күмөн санашпайт.

Алмазбек Атамбаев негиздеген КСДП партиясы коалициянын мүчөсү, ал эми Мырзакматовдун партиясы оппозициялык «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын колдоосуна ээ.

Үч участоктогу добуштардын жокко чыгарылышы жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 13-мартта тараган.

Мындай кырдаал менен макул болбогон «Улуттар Биримдиги» партиясынын жактоочулары Ош шаарында миңдеген адамдын катышуусу менен митинг өткөрүштү. Алардын айтымында, добуштарды жокко чыгаруу менен бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын укугун бузуп жатат.

«Үч шайлоо участогундагы добуштар жокко чыгарылды. Ошондуктан митингге чыктык. Бул митинг — нааразычылык митинги. Эмнеге 3692 добуш жокко чыгарылды?», — дейт Сабиров митингде.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Суербек Аманов