Өмүрбек Бабанов финансылык полиция кызматын жоюу боюнча чечим чыгарды

Министрлер кабинети Финансылык полицияны жоюу боюнча чечим кабыл алышты. Алардын айтымында, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн жаңы мамлекеттик кызмат түзүлөт. Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров бул мамлекеттик органдардагы реформалоонун «алгачкы кадамдары» дейт.

Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов мамлект алдындагы финансылык полиция кызматын жоюуну пландаштырып жатканын айтты.

«Өкмөттүн «стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасынын алкагында приоритеттүү багыттар — мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү, жарандык тескөө системасын калыпташтыруу  болуп саналат», — дейт Бабанов.

Финансылык полиция өз ишмердүүлүгүндө «коррупцияга баткан» орган экенин көрсөттү, деп Бабанов белгилеп өттү.

Бул укук коргоо органдарындагы «реформалоо, жаңылануунун» алгачкы кадамдары, дейт Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшө турган жаңы кызмат финансылык полицияга салыштырмалуу «жазалоочу» орган болбоорун басма сөз катчы белгилеп өттү.

«Экономикалык коопсуздукту камсыз кыла турган, таптакыр жаңы структура болот», — дейт басма сөз катчылыктын жетекчиси.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалымат боюнча, кызматкерлер конкурстук негизде тендалат.

«Негизги тандоо критерийлери —  кынтыксыз репутация жана профессианалдуулук. Азыр иштеп жаткан кызматкерлер да конкурска катыша алышат, бирок аларга карата жарандык коомчулуктун жана жеке ишкерлердин пикирин эске алабыз», — дейт министрлер кабинетинин төрагасы.

Финансылык полиция иликтеп жаткан бардык кылмыш иштер жана документтер жаңы түзүлө турган мамлекеттик органга өткөрүлүп берилет дейт, Өкмөттүн токтомунда.

Финансылык полициянын жетекчилиги жана өкүлдөрүнөн комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев