Кар көчкүнүн түшүшү Жалал-Абаддын батышында азык-түлүктүн жетишпестигин жаратты

Кар көчкүнүн түшүшүнөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы айылдардын көпчүлүгү  менен байланыш үзүлдү. Мындай кырдаал ундун жетишпестигине, медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар жаралышына жана малдардын өлүмүнө алып келди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулу "Клоопко" берген интервьюсунда, кар көчкүнүн түшүшүнөн облустун батыш тарабы менен байланыш үзүлгөндүгүн маалымдады.

Райондун жетекчисинин  айтымында, эки-үч күндүн ичинде жол тазаланбаса, айылдарда азык-түлүктүн тартыштыгы жаралышы мүмкүн.

"Ишемби, жекшемби күндөрү Ала-Бука районунан азык-түлүк ташыйт биздин коммерсанттар, элди камсыз кылат. мына ушул ишемби күндөрү бара алышпай калды, кээ бир айылдарда азык-түлүктүн тартыштыгын же болбосо баалардын көтөрүлүшүнө алып келет", - дейт аким.

Таласбай уулу алтын кенин иштеткен фирмалардын каражаттарына Бишкектен 127 тонна ун сатып алынып, бирок айыл тургундарынын баарына жетпей калгандыгын кошумчалады.

Акимдин айтымында, жолдор жабык болгондуктан бир айымды оорукана жетикере албай, кесерево аркылууу айылда тороого аргасыз болгон.

Чаткал районунун Курулуш айылынын тургуну Мелисбай Сейталиев да "ызгаар жана кыштын узакка созулгандыгын" айтып өттү.

" [...] үйлөрдүн кулаганы бар, крышалары түшүп калган үйлөр бар. [...] калган айылдарда канча экенин билбейм, менин жашаган айылыда үч үйдүн крышасы жарылып түшкөн", - дейт Сейталиев.

Райондук кеңештин депутаты жана Башкы-Терек айылынын тургуну Рахия Өнөрбаева, тоюттун жетишпестигинен малдар ачкачылыктан жабыр тартып жаткандыгын маалымдады.

Анын айтымында, айылдын "болгон тиричилиги мал чарбачылыгы".

"Бир боо чөбү жок үй-бүлөлөр да бар. Малдар өзүнүн жүнүн да жеп коет экен. [...] кара малдар күнгө өлөт", - дейт Өнөрбаева.

Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында дүкөнү бар Чынара Эргешова, кар көчкүдөн жол жабылып, эки күндөн бери үйүнө жете албай жаткандыгын айтты.

"Биз Бишкектен товар алып келдик, Ала Букадан камалып калдык, кечээтен бери. [...] жол жабык өтө албай жатабыз", - дейт сатуучу айым.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигин [ӨКМ] айтымында, жол тазаланган, бирок кар көчкү коркунучу болгондуктан жол жабылган.

ӨКМнын басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов, бул райондон малга тоют жетишпестиги жөнүдө бир гана арыз түшкөн дейт.

"[...] жакында эле райондук администрация кайрылган, Чаткал районуна ӨКМдин техникалары тартылып,тоют дагы жеткирилип берилген", - дейт басма сөз катчы.

Азык-түлүктүн жетишпестиги боюнча азырынча кайрылуулар түшө элек, деп Бекилов кошумчалады.

Ызгаар суук

2011-2012-жылдын кышы Кыргызстандыктар үчүн оор болду.

Ызгаар сууктан билим берүү министрлиги Кыргызстандын төрт облусунда 100дөн ашуу мектепти жабууга аргасыз болгон.

Эң көп Нарын, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондору, Ош жергеси жана Чүй облусунун түштүк-батыш тарабы жабыр таркан. Абанын температурасы -35ке чейин жеткен.

Авторлор: Гульзара Бакаева, Миргуль Эшбаева, Гульбадам Камчибекова, Эртабылды Икрамидинов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев