Мелис Мырзакматовдун партиясы шайлоо жыйынтыктары боюнча сотко арыз менен кайрылууга «жетшипеди»

Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы шайлоолордун расмий жыйыныктарын жокко чыгаруу үчүн «сотко арыз менен кайрылууга» жетишпей калды. Расмий жыйынтыктар боюнча, мэрдин партиясы шаардык кеңештеги көпчүлүк орунга ээ болбой калды. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча, арыздардын баары үч календарлык күндүн ичинде берилиши керек.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк орунду — 45 мандаттан 23 орун алышыбыз керек болчу, дейт «Улуттар Биримдиги» партиясы.

Бирок борбордук шайлоо комитети үч участоктогу добуштарды жокко чыгаргандыктан, Мырзакматовдун партиясы эки мандат жоготкон.

Ош шаарынын вице-мэри жана «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидерлеринин бири Таалай Сабиров «Клоопко» берген интервьюсунда Ош шаардык соту жыйынтыктар боюнча арызды кабыл албай койгондугун айтты.

Сот өкүлдөрү арыз тапшыруу мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин айтышкан. Арыздар шайлоо жыйынтыктары жөнүндөгү расмий токтомдон үч күн өтпөй берилиши керек эле.

«Шайлоо жыйынтыктары расмий түрдө жарыялангандан кийин үч күн ичинде арыздар берилиши керек», — делет «Жериликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесинде.

Вице-мэрдин айтымында, партия шайлоо жыйынтыктары боюнча шаардык сотко арыз менен кайрылууга даяр.

«Шайлоо жыйынтыктары жөнүндөгү токтом 13-мартта жарыяланды. Биз 15-мартта алдык. Биздикилер бул токтом менен Бишкекке жөнөшкөн. Азыр документ даярдап жатабыз, бирок сот арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигин айтты», — дейт Сабиров.

«Улуттар Биримдигинин» негизги атаандашы — социал-демократтар Борбордук шайлоо комитетинин адилетттүүлүгүнөн күмөн санашпайт.

Алмазбек Атамбаев негиздеген КСДП партиясы коалициянын мүчөсү, ал эми Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы оппозициялык «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын колдоосуна ээ..

Үч участоктогу добуштардын жокко чыгарылышы жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 13-мартта тараган.

Мындай кырдаал менен макул болбогон «Улуттар Биримдиги» партиясынын жактоочулары Ош шаарында миңдеген адамдын катышуусу менен митинг өткөрүштү. Алардын айтымында, добуштарды жокко чыгаруу менен бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын укугун бузуп жатат.

Автор: Суербек Аманов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев