Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү үч адамдын өмүрүн алып кетти

17-мартта Токтогул суу сактагычынан түндүгүрөөк Бишкек-Ош авто жолунда түшкөн кар көчкүдөн үч адам каза тапты. Куткаруучулар төрт адамды сактап калууга үлгүрүштү. Автотрассадагы кыймыл акырындык менен өз нугуна келди, бирок кырсыктарды алдын алуу үчүн түнкүсүн жол жабылат.

Кар көчкү Бишкек-Ош авто жолу өткөн Чычкан капчыгайында түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-мартта түшкөн көчкүнүн алдында жети адам калган.

Токтогул шаарчасынын куткаруучулары бир сааттын ичинде кар алдында калган 4 адамды алып чыгышкан, дейт ӨКМ.

Кар алдында калган үч эркекти куткаруу мүмкүн болбоду. Алардын экөө Жалал-Абад облусунун, бирөө Баткендин тургуну экен.

ӨКМдин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси Мухамед Субаров «Клоопко» берген интервьюсунда, каза болгон эки адамды көчкү түшкөндөн бир сааттан кийин, үчүнчүсүн түнкү саат экилерде алып чыгышкандыгын маалымдады.

Азыркы учурда ӨКМ жолду тазалап, бир тарапка кыймыл ачылды.

Кар көчкү коркунчу дале болгондуктан, 20-мартка чейин ӨКМ түнкүсүн жолду жабат.

Күбөлөр Бишкек-Ош жолундагы Тоо-Ашуудагы тунеллде «50-100 авто унаадан» турган пробка тууралуу айтып жатышат..

«Чоң-чоң камаздар турат. Кардын калын жаашынан биз кардан чыга албай калдык. Көптөгөн машиналар бул кар куюнуна туш болуп калышты. Биз 40 мүнөт турдук – эки сааттан бери тургандар да бар», — дейт Саадат Байгазиева.

Куткаруучулар атайын ок атуу менен 14 миң метр куб кар түшүрүшкөн. Бирок, ӨКМдин айтымында, кырдаал дале «опурталдуу».

Субаровдун айтымында, кийинки эки-үч жума бою республика боюнча кар көчкү түшүү коркунучу «жогору».

«Мындан тышкары Сары-Таш жана Чон-Алайга бараткан трассада да абал оор. Оштон Сары-Ташка кеткен жолдо бурганак, катуу шамал болуп, жол жабылган», — дейт ӨКМдин кызматкери.

Кар көчкү маселесин чечүү үчүн атайын ок атуу иштеринде ӨКМге коргоо министри жана ички иштер министрлигинин адистери да көмөк көрсөтүп жатат.

Бул  кар көчкүнүн алдындагы адамдардын каза болушу жөнүндөгү биринчи окуя эмес. 24-ноябрда Бишкек-Ош жолунда дал ушундай кырсык болгон.

Анда кар алдында үч адам — Кытайдын эки жараны жана бир кыргызстандык жигит каза болгон.

Авторлор: Бектур Искендер жана Зарема Султанбекова

Которгон: Таттуу Укуева