Адвокат: Азамат Мурзалиевдин УККнын тергөө абагында кармалышынан ден-соолуугу начарлады

"Мегаком" уюлдук операторунун мурунку башчысы Азамат Мурзалиев улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында керектүү медициналык жардам албай жатат дейт анын адвокаты. УКК болсо, бардык аракеттерибиз мыйзам чегинде дейт.

УККнын тергөө изоляторунда бир жарым айдан бери камалган «Мегакомдун» мурунку директору Азамат Мурзалиевдин кулагына суук тийип – отит оорусуна чалдыккан.

Мындай маалыматты Мурзалиевдин адвокаты Виктория Каргабаева 19-мартта журналисттер менен болгон жолугушууда кабарлады.

Мындан сырткары, камакка алынаардан мурун Мурзалиев обструктивдүү бронхиттен дарыланып жаткан, азыр ага керектүү дары-дармектер жеткирилбей жатат, дейт адвокат.

Мүмкүн силер ишенбей жатканкандырсынар, бир ай бою ал дарыланган жок, анткени врач дайындаган дарыларды СИЗОнун кызматкерлери бербей жатышты”, - дейт Каргабаева.

Сот өкүлдөрү биздин арыздарыбызга кайдыгер мамиле жасап жатат, дейт адвокат айым.

«Бир дагы сот актында адвокат сунуштаган документтерди таба албайсыңар», - деп юрист нааразы.

Мурзалиев 2012-жылдын январь айынын аягында УКК тарабынан камакка алынган. 140 миллион сом зыян келтирген финансылык махинацияларда айыпталып жатат.

Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча тергөө иши жүрүп жатканда Мурзалиев УККнын тергөө абагында 31-мартка чейин кармалат.

УККнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Токталиев Мурзалиевдин кармалуу шарттары боюнча айтылган айыптоолордун баарын четке какты.

«Бардык кадамдарыбыз мыйзам чегинде [...]. Акыйкатчы жана укук коргоочулар СИЗОдогу кармалуу шарттарын көрүп кетишкен. Кармалуу шарттары боюнча мыйзам бузуулар аныкталган эмес», — дейт Токталиев «Клоопко» берген интервьюсунда.

Коррупция боюнча айыптоолор

УККнын коррупцияга каршы кызматынын маалыматы боюнча, Мурзалиев жана «Мегакомдун» бир нече жетекчилери «финансылык махинацияларда» күнөөлөнүп жатат.

Мурзалиевдин жактоочулары жана Кыргызстан ишкерлер Союзу күнөө далилдене электе эле анын камакка алынышы менен нааразы болушкан.

Мурзалиев бул постко 2011-жылы «Мегаком» компаниясы улутташтырылгандан кийин дайындалган.

Улутташтыруу 2010-жылкы төнкөрүштөн кийин башталган. Буга чейин уюлдук оператор экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин карамагында болчу.

Мурзалиевди бул постко мамлекеттик мүлк министрлиги дайындаган. Ошол учурда бул министрликти Өмүрбек Бабанов түзгөн «Республика» партиясынын өкүлү жетектеп турган.

Ал эми Мурзалиевди камакка алган УККнын коррупцияга каршы кызматы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн.

Автор: Раим Досункулов

Которгон: Таттуу Укуева