Бишкек шаарынын Октябрь районунда 200дөн ашык дүкөнчө демонтаждалат

Март айынын аягына чейин Бишкек шаарынын Октябрь районундагы жол боюнда жайгашкан 243 майда дүкөнчөлөр алынышы керек. Демонтаждын негизги себеби шаар тургундарынын арыздары жана мыйзамсыз түрдө дүкөнчөлөрдүн орнотулушу дейт, мэриянын экономикалык бөлүмүнүн адиси Азат Садырбеков. Сатуучулар мэриянын мындай чечими менен макул эмес.

2012-жылдын башында шаардык комиссиянын жана шаардык кенештин чечими менен Октябрь районундагы жеңил типтеги объектилер: киоск, дүкөнчө жана жайкы сатуу аянтчалар алынып баштаган.

Жол боюндагы дүкөнчөлөрдүн демонтажы Ахунбаев, Байтик Баатыр, Карл Маркс, Алмата көчөлөрүндө жана Орто-Сай базарынын айланасында жүргүзүлүп жатат.

Райондук администрациянын планына ылайык, бүгүнкү күндө 243 объектинин ичинен 72си алынды.

Мэриянын экономика, сатуу жана тейлөө бөлүмүнүн адиси Азат Садырбеков «аталган райондун тургундарынын арызы» жана мыйзамсыз түрдө дүкөнчөлөрдүн орнотулушу демонтажга себеп болгонун түшүндүрдү.

«Райондун жашоочулары дүкөнчөлөр газондордо жайгашып, көчөлөрдү илээнди көрүнүшкө алып келгенине арыз түшүп жатат. Мындан сырткары, документсиз эле өз билгендерин кылып орноштуруп алышкан», — дейт Садырбеков.

Садырбековдун айтымында, сатуучуларга жана дүкөндүн ээлерине демонтаж туралуу эскертүү берилет. Эгер талап аткарылбаса, дүкөндөр «зордук менен» 12-кичи райондогу «Тазалык» мекемесине жеткирилет.

«Беш күн аралыгында же белгилүү убакыттын ичинде соодагер дүкөнүн өз алдынча алып кетиши керек. Эгерде алар эскертүүнүн шарттарын аткарбаса, демонтаж зордук менен жүргүзүлөт. Мындай жол менен алынган объектилер «Тазалык» мекемесинине жеткирилет», — дейт Садырбеков.

Дүкөндөрдүн ээлери жумуштун жоктугуна даттанышууда

Орто-Сай базарынынын жанында, жол боюнда жайгашкан дүкөнчөнүн ээси Руслан павильонду албайм, анткени бул «жалгыз киреше булагым» дейт.

«Октябрь акимиатынан эскертүү келди, бирок дүкөнүмдү албайм», — дейт Руслан.

Анын айтымында, алгач бийлик өкүлдөрү «павильондун ээлерин жумуш менен камсыз кылып» анан демонтаж иштерин жүргүзүшү керек.

«Эгерде алар мага башка жумуш ордун сунушташса, павильондун алынышына каршы болбойт болчумун. Бирок азыр дүкөнүмдү албайм, зордук менен демонтаждалса, жок дегенде үйгө алып келүүгө аракеттенем», — дейт Руслан.

Ошол эле Орто-Сай базарындагы атын атагысы келбеген дагы бир дүкөндүн сатуучусу жумуштун жоктугуна арызданды.

«Эл жумушсуз калат да, ошондуктан нааразыбыз», — дейт сатуучу.

5-кичи районунун тургуну Надежда, жол боюндагы дүкөнчөлөрдүн кереги жок, алар «шаардын эстетикалык көркүн бузат», деген пикирде.

«Жол боюндагы дүкөнчөлөрдүн кереги жок, ал жакта базар, башка соода борборлор жайгашкан да. Бул павильондор жөн гана шаардын көркүн бузуп жатат», — дейт Надежда.

Көчөлөргө павильнон-дүкөнчөлөрдү орнотуунун себеби жумушсузук боло албайт, дейт. Мындан сырткары Ош базарынын тегерегинде да демонтаж иштерин жүргүзсө жакшы болмок деп кошумчалады.

«Орун жок, жумушсуз калса эле, шаардын көркүн бузуп, каалаган жерге дүкөндөрдү ача берген болбойт да. Бул деген айыл эмес, башка жакта орун табышсын», — дейт шаар тургуну.

Авторлор: Любовь Шевченко жана Анаркан Садыралиева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Таттуу Укуева