«Дордой» базарына каттаган 130-маршрутканын жүргүнчүлөрү жол кирени эки сомго ашык төлөшөт

Бишкек шаарындагы №130 маршруттун айдоочулары жүргүнчүлөрдөн «Дордой» базарына чейин 10 сом алышат. Бул Бишкек шаардык мэриясынын токтомун бузгандык. Бул токтом боюнча, айдоочулар бардык каттамдарында сегиз сомдон гана алыш керек.

Сегиз сомдон өйдө жол акыны 12 экспресс-маршруткалардын айдоочулары алышат. Анткени алар башталгыч аялдамадан акыркы аялдамага чейин токтобостон жүрүшөт.

Транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Азат Бейшеев «Клоопко» берген интервьюсунда, 130-маршрут экспресстердин тизмесине кирбегендигин жана айдоочулар сегиз сомдон алыш керектигин маалымдады. Бул маршрут Джал кичи районунан баштап, Ак-Жар жаңы конушу аркылуу «Дордой» базарына чейин барат.

Бирок Бишкек шаардык мэриясынын коомдук транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Геннадий Милицкийдин айтымында, 130-маршрут экспересстердин тизмесине кирет.

Аталган маршруттун айдоочулары жана жүргүнчүлөрү «Клооптун» кабарчыларына жол кире «Бишкек ичинде» сегиз сом, ал эми «Дордойдон же Дородойго чейин» он сомду түзгөнүн айтышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова, «Дордой» базары Бишкек шаарынын ичине киргендигин маалымдады..

130-маршруттун айдоочулар бригадири Эсендин айтымында «эч ким он сомдон албайт».

«130-маршрут Нооруз майрамына карата жүргүнчүлөрдү акысыз тейлеп жатат», — дейт Эсен.

130-маршрутканын жүргүнчүсү Эркин Жолдошевдин айтымында, «карапайым эл» башталгыч тариф сегиз сом экендигинен кабардар эмес.

«Бирок бензин баасы көтөрүлүп, унаа тетиктери кымбаттады да. Көпчүлүккө эки сом, акча деле эмес, ал эми айдоочу үчүн авто унаасын ремонттоо өтө кымбатка турат. Айдоочулардын деле жашоосу оор да», — дейт Жолдошев.

«Дордойдун» жанындагы Келечек жаны конушунун тургуну Бузияда Тагаеванын оюнда маршруттардын «шаар ичи» жана «шаар четине» деп бөлүнүшү туура эмес.

«Жаңы конуштарда жашоо кыйын, эки сом болсо да акча", — деп Тагаева нааразы.

Рыноктун талаптарына жооп бербейт

Коомдук транспорттогу жол киренин өлчөмүн Бишкек шаардык мэриясы тескейт. Бишкек шаардык кеңешинин токтому боюнча жол кире эртең мененки саат алтыдан кечки саат тогузга чейин — сегиз сом, кечки саат тогуздан он экиге чейин — он сом.

Борбордук Азия эркин рынок институтунун (CAFMI) аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев коомдук транспорттогу жол кирени транспорттук фирмалардын ээлери өздөрү аныкташ керек дейт.

«Мындай эрежелер рыноктун талаптарына жооп бербейт, конституцияга каршы десек да болот. Бул деген бизнес, ал эми бизнес бааларды өзү коюш керек», — дейт Намазалиев.

«Бишкек ишкерлер клубунун» төрагасы Улук Кыдырбаев «Клоопко» берген маегинде, жол кире айдоочулардын чыгымдарын актабай киреше алып келбесе жол киренин көтөрүлүшү «акталган» дейт.

Бирок, жол киренин көтөрүлүшү [он сомго] белгилүү бир токтомдо көрсөтүлбөсө, албетте бул мыйзам бузгандык, дейт Кыдырбаев.

Милицкий «Клоопко» берген интервьюсунда, коомдук транспорттогу жол кире маселеси «курч көйгөйдү» жаратууда, ошондуктан бийлик өкүлдөрү жол акыны көтөрүш керек деген пикирде.

«Учурдагы тарифтер чыгымдарды актабайт», — деди Бишкек шаардык мэриясынын коомудк транспорт башкармалыгынын жетекчиси.

2012-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын мэриясы бензиндин баасынын көтөрүлүшүнөн коомдук транспорттогу жол кире эки сомго кымбаттайт деп жарыялаган. Бирок качан көтөрүлөөрүн тактаган эмес.

Коомдук транспорт жол киресинин көтөрүлүшү жөнүндө маселе 2011-жылдын ноябрь айынан бери эле талкууланып келе жатат. Автобустардагы жол киренин сегиз, маршруткаларда – он сомго көтөрүү каралган.

Бишкектеги эксперсс-маршруттардын тизмеси.

№177 Ош базары - «Дордой» базары — 10 сом;
№191 темир жол - «Дордой» базары — 10 сом;
№230  «Дордой-Плаза» соода борбору - «Дордой»базары — 10 сом;
№233 Аламедин базары -  «Дордой» базары — 10 сом;
№234  «Мадина» соода борбору -  «Дордой» базары — 10 сом;
№226 6-кичи район - «Дордой» базары — 15 сом;
№252 Асанбай кичи району - «Дордой» базары» — 15 сом;
№123 Аламедин-1 кичи району - «Дордой» базары» — 15 сом;
№128 Асанбай кичи району -  «Кербен» базары — 15 сом;
№192  «Киркомстром» аялдамасы - «Ак-Суу» базары — 15 сом;
№193 12-кичи району - «Ак-Суу» базары — 15 сом;
№203 «Арча-Бешик» конушу - «Дордой» базары — 15 сом.

Редактор: Илья Каримджанов
Авторлор: Эльвира Султанмурат кызы, Евгений Погребняк, Дмитрий Сагайдак, Юлия Бессмельцева, Галия Хайретдинова