Жалал-Абад облусунун түштүгү карышкырлардын кол салуусунан жабыр тартып жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Март айылынын тургундары карышкырлар малга кол салып жаткандыгын маалымдашты. Аңчылык департаментинин жетекчиси мергенчилер жетпегендигин айтты. Айыл өкмөтү, кырдаалды тескеп жатабыз дейт.

Сузак районунун Кара-Март айылынын тургуну Курманбай Кадырмаматов «Клоопко» берген интервьюсунда, тоолордо кар калын жаап жан жаныбарлар ачка калып, жыртыкычтар айылдарга түшүп, мал жандыктарын жеп жатканын маалымдады.

«Биздин төрт уйубузду жеп кетти. […] коңшу айылдан бирөөнүн коюн жеп кетиптир», - дейт Кадырмаматов.

Сузак районунун Жылан-Темир айылынан жабыр тарткан Максат Калдарбаев карышкырлар үчтөн-төрттөн үйүр болуп жүргөнүн айтты.

Анын айтымында, "кар оор жааган үчүн" карышкырлар кол салып жатат.

«Ок дары, курал-жарак берип, бизге жардам берген адам жок », - деп Максат нааразы.

Жалал-Абад облусунун аңчылык департаментинин жетекчиси Сарыбек Болчиев, облус боюнча 14 гана егерь болгонун айтты.

«Сузак району боюнча бир гана охотоведим бар, анан бригада уюштурганбыз. Эки бригада уюштурганбыз», - дейт Болчиев.

Департаменттин маалыматы боюнча, област боюнча 400дөй карышкыр катталган.

Бригадалардагы мергенчилер өз ыктыярыменен иштеп жаткан айыл тургундарынан деп маалымдады.

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жетекчиси Каныбек Нарынбеков, кырдаал «тескөөгө алынган» дейт.

«Мергенчилер бир-эки күн чыгышкан. […] бүгүнкү күндө деле карап жатышат», - дейт айыл өкмөтү.

Бул айыл жергесинде карышкырлардын малга биринчи кол салышы эмес. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ош облусунун Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда карышкырлар жылкыларга кол салышкан.

30дай жылкы карышкырлардын жеми болгон.

Авторлор: Гүлбадам Камчыбекова, Гулзара Бакаева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев