Аптанын экинчи жарымында араб бийи жана бильярд боюнча чемпионат өтөт. Мындан сырткары "Цеппелин" клубунда Кыргызстандык жана Казакстандык топтордун катышуусу менен рок-фестиваль болот.
22-март, Бейшемби
22-24-мартта “Кондор” бильярд клубунда 25тен ашуун мамлекет катышкан орус бильярды боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Адрес: "Кондор" бильярд клубу, Кулатов көчөсү 14, тел.:0312-625177, 0312-465670.
24-март, ишемби
18:30 Диджей Адилет Абылов “Миксуем как можем! Кислотный DJ, хей” тренингин өткөрөт. Мастер-класста диджейликтин негизги принциптери – ритм, композициянын структурасы, керектүү аппаратуранын түрлөрү, жана булардын баарын практикада кантип колдонуу керектиги үйрөтүлөт.
«Тренинг жана консалтинг борборунда» өтөт, Чехов көчөсү 42, тел.:0312-547421. Билет баасы: 599 сом.
21:00 "Цеппелин" рок клубунда "250db" аттуу рок-фестиваль өтөт. Казакстандан "Thirteen Hours of Fear", "Amsterdam", "On trails of Blood" жана Кыргызстандан "Samana", "С.Е.М.Е.Н. Pro" группалары ырдашат.
Адрес: Чүй проспекти 43/а, тел.: 0312-365849.
25-март, жекшемби
10:30 Бишкек гуманитардык университетинде араб бийлери боюнча ачык чемпионат өтөт. Чемпионаттын аягында финалисттер жана чыгармачыл топтордун катышуусу менен гала-концерт өтөт.
Адрес: Тынчтык проспекти 27. Билет баасы: 350 сом.
Автор: Оксана Капишникова