Бишкек шаарынын мэриясы от жагуу сезонун узартышы мүмкүн

Бийлик өкүлдөрү жылуулук берүүнү 31-мартта токтотууну пландаштырып жатат. Бирок, аба ырайы жылыбаса от жагуу сезону узартылышы мүмкүн. Бишкек шаарынын тургундары эгер апрель айында суук болсо, жылуулук үчүн кошумча акча төлөөгө даяр экендигин билдиришти.

От жагуу сезону апрель айына чейин узартылышы мүмкүн дейт Бишкек шаардык мэриясы. Эгер кар жаап, суук түшсө мындай чечим кабыл алынышы мүмкүн дейт мэриянын басма сөз катчысы Эдита Айыпова.

«Керек болсо албетте мэрия от жагуу сезонун узартышы мүмкүн», — дейт Айыпова.

Ошого карабастан мэрия от жагуу сезону пландаштырылгандай марттын аягында бүтөөрүнө үмттөнөт.

Айыпова Кыргызгидромет борбордун "22-мартта аба ырайы сегиз градуска чейин жылышы күтүлөт" деген маалыматтарына шилтеме жасады.

Анын айтымында, эгер акыркы беш күнднү ичинде абанын температурасы беш градустан жылуу болсо, от жагуу сезону токтотулат.

Бишкек тургундарына жылуулук 1-ноябрдан 31-мартка чейин, 150 күн берилет.

Жылуулук берүүгө жоопкер «Электр станциялар» ААКнын өкүлү, эгер от жагуу токтотулгандан кийин абанын температурасы минус сегиз градуска түшүп, мындай кырдаал үч күнгө созулса жылуулук кайрадан берилиши мүмкүн экендигин кабарлады.

Жылуулук берүүнү токтотуу эки күндүн ичинде жүргүзүлөт, дейт «Бишкек жылуулук түйүндөрү» муниципалдык мекемеси.

"Клооптун" кабарчылары Бишкек тургундарынын арасында сырамжылоо жүргүзүштү. Адамдардын көпчүлүгү, апрель айында суук болсо, мэрия жылуулук берүүнү токтотпойт деп үмттөнгөнүн айтышыт.

«Жылуулук берүүнү токтотсо деле, электр жылыткычтарын колдонобуз го. Ошол эле акча кетет», — дейт студент кыз Айдай Исабекова.

Жеке ишкер Бакыт Капаров дагы жылуулук берүүнүн өчүрүлүшүнө каршы:

«Эгер суук болсо, сөзсүз жылуулук берилиши керек».

Би-Би-синин маалыматы боюнча, Бишкекте 24-мартка чейин аба ырайынын жылуу болушу күтүлөт. Нооруз күнү абанын температурасы плюс тогуз градуска чейин көтөрүлөт.

Ишемби күнү абанын температурасы 15 градуска чейин жылыйт.

Акыркы эки жыл бою от жагуу сезону пландаштырылган боюнча, марттын аягында бүткөн: 2010-жылы 19-мартта, 2011-жылы 26-мартта жылуулук берүү токтотулган.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Автор: Виктория Мячкова

Которгон: Бермет Абдыкадырова