Джалал-Абад облусунун батышында бороондо калган бейтаптарды алып чыгышты

Бейтаптарды ооруканага алып бараткан дарыгерлер бороонго туш болуп, эки айылдын ортосунда тоодо калып калышкан. Жергиликтүү тургундар бейтаптарды ат менен ооруканага жеткирүүгө жардам беришти. Ал эми дарыгерлер жөө жетүүгө аргасыз болушкан.

Жалал-Абад облустук администрациясынын жетекчиси Абдрашит Умарбековдун айтымында, алынып келген бардык бейтаптардын акыбалы жакшы.

«Жолдор тазаланып жатат. Терек-Сай айылына чейинки жол эртенкиге чейин тазаланып бүтөт», - дейт Умарбеков.

Чаткал районунун акими Ахматбек Таласбай уулу бейтап жана дарыгерлердин эвакуациялангандыгын тастыктады.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар бейтаптарды бирден, ат менен алып чыгышты.

Алардын баары бүт келишти. Группа жөнөнткөм дебедим беле, кечээ зам.акимди кошуп. [....]Азыр ошол бейтаптарды ат менен алып келишти”, - дейт аким.

Азыркы учурда бардык бейтаптар Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы борбордук ооруканага жеткирилишти.

Бороондо камалып калышкан

19-мартта бороондон чыга албай калган Каныш-Кыя шаарынын борбордук бейтапканасынын дарыгерлери жөнүндө “Клоопко” райондук кенештин депутаты Рахия Өнөрбаева маалымдаган.

Дарыгерлер 18-мартта Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарына жергиликтүү калктын ден-соолуугун текшерүүгө келишкен. Бейтапканага кайтып бараткан жолдо бороонго туш болушкан.

Бардыгы биригип бороондо 18 адам калган - алардын үчөө госпитализацияга муктаж болгон айыл тургундары, ошондой эле беш айлык жана бир жарым жаштагы балдар бар.

19-марттан 20-мартка оогон түнү дарыгерлер менен бейтаптар жергиликтүү малчынын үйүндө түнөөгө аргасыз болушту. Аларга жергиликтүу тургундардан уюшулган топ жана райондук администрациянын кызматкерлери үч күндүк тамак-аш менен жөнөтүлгөн.

Бул топтун мүчөсү, Башкы-Терек айылынын жашоочусу Самат Ботобековдун айтымында, азык-түлүктү жеткирүү үчүн алар ат менен 10 километр жол жүрүшкөн.

2011-2012-жылкы кыш абдан суук болду – март айындагы Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн үч адам каза тапкан.

Мандан сырткары, кардын калын жаашынан Жалал-Абад облусунун түштүгүндөгү айылдарда карышкырлар малга кол сала башташкан.

2012-жылдын январь айындагы температуранын төмөндөшүнөн улам, билим берүү министрлиги Кыргызстандын төрт облусунда 100дөн ашык мектепти убактылуу жабууну чечкен.

Авторлор: Миргүл Эшбаева жана Эртабылды Икрамидинов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Сүрөттө: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы жааган кардын деңгээли