Журналист Фарафоновдун соту күбөлөрдүн келбегендиги үчүн жылдырылды

Улуттар аралык кастыкты тутандырган үчүн күнөөлөнүп жаткан журналист Владимир Фарафоновдун сот иши 27-мартка жылдырылды. Прокурордун айтымында, күбөлөр сот иши жөнүндө «унутуп калышкан».

Фарафоновдун компьютериндеги өчүрүлгөн документтерди кайра калыбына келтирип жатканда чакырылган күбөлөр сотко келиш керек эле.

Бул документтерди Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) талап кылган. Алар журналистти «улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты тутандыргандыгы» үчүн күнөөлөп жатышат.

Фарафонов УКК материалдарды фальсификациялап салышы мүмкүн, деп укук коргоо органдардын далилдеринен күмөн санап жататкандыгын айтты.

«Кээ бир нерселер интернеттен көчүрлүшү мүмкүн. […] Ошондуктан мындай жол менен табылган далилдерге ишенбейм», — дейт журналист.

Фарафоновдун иши боюнча УККдан комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана премьер-министр Өмүрбек Бабановдордун өмүр баяны жазылган «Кыргызстандын жүздөрү» аттуу китепте Фарафонов жөнүндө  мүнөздөмө берилген. Журналист сотто ушул китептеги мүнөздөмөнү эске алууну суранды.

«Адамды улутчул деп күнөөлөп жатышат. Фарафоновдун жубайы кыргыз кызы, уулуу казак кызына үйлөнгөн. Бул деген интернационализм», — дейт Фарафоновдун адвокаты сотко китепти сунуп жатып.

Орусия элчилигини колдоосу

Кыргызстандык укук коргоо органдарына «ишенбегендиктен» Орусиялык бийлик өкүлдөрүнөн журналист юридикалык жардам сураган.

«Моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен эле чектелишпейт. Кандай колдоо экенин айта албайм», — дейт журналист.

«МК Азия» гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов жана саясат таануучу Александр Князев сыяктуу Фарафоновдун жактоочулары журналист менен бирге 27-февралда Орусиянын элчилигинин алдында пикет өткөрүшкөн. Пикет учурунда элчиликтин басма сөз катчысы Виктор Харченкого колдоо көрсөтүү жөнүндө кат тапшырышты.

Ал эми Харченко , Фарфоновго «мекендеши катары» Орусия элчилиги колдоо көрсөтүп келгендигин айтты.

«Аны менен кеңештик. Бишкектеги бир юридикалык фирма ага колдоо көрсөтүп жатат. Эркин журналист жана биздин мекендеш катары укутарынын корголушуна колдон келишинче көмөк көрсөттүк», — дейт Харченко.

«Этникалык мекени» Орусия болгон бардык адамдарга жардам беребиз, деп Харченко тактап өттү. Ошого карабастан, Фарафоновго этникалык тиешелүүлүгү боюнча жардам көрсөтүлгөндүгүн четке какты.

«Орусиялык мекендеш» түшүнүгү жөнүндө Орусиянын мыйзамдарында кандай аныктама бергендигин айтып өттү:

«Орусия Федерациясынын чет мамлекеттеги мекендештерине карата жүргүзгөн мамлекеттик саясаты жөнүндөгү» мыйзам боюнча, «мекендеш» бул туулган жери, тили, тарыхы, маданияты, салттары, үрп-адаттарынын жалпылуулугу менен аныкталат, дейт Харченко.

«Улуттар аралык кастыкты тутандыруу»

Өткөн жылы Фарафоновго карата Кылмыш кодексинин «улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты тутандыруу» беренеси боюнча тергөө иши козголгон.

Фарафоновдун «Русское единство» сайтында жарыяланган макаласы Кыргызстандык бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган. Бул макалада журналист 2010-жылкы этникалык кагылышууларды сүрөттөп «айылдык жаш кыргыз жигиттер кичинекей өзбек балдарынын баштарын кесип салган» деп жазган.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун УКК кыргыз тилдүү басылмалардагы улутчулдук макалаларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат дейт.

«УКК көп учурларда маселени бир тараптуу карайт», — дейт акыйкатчы «Клооптун» кабарчыларына.

УКК акыйкатчынын пикири менен макул эмес. Басма сөз катчы Токталиевдин айтымында, мындай учурларда «бардык жарандар бирдей укукка ээ».

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев