Башкы прокуратура Бишкектеги №44 мектептеги мыйзамсыз акча чогултууларды иликтеп жатат

<

Акыркы эки айдын ичинде башкы прокуратура тарабынан мектептердеги «мыйзамсыз акча чогултуулар» аныкталып чыккан үчүнчү мектеп ордо калаабыздын №44 орто мектеби болду. Мектептин окуу бөлүмүнүн жетекчиси жана ата-энелер комитети «мындай акча чогултууларды» четке кагышууда. Ушундай эле иликтөө иштери №13 жана №6 мектептерде да өтүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин айтымында, «мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз акча алуусу», «кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу» «эмгек мыйзамын бузуу» жана «жалпы билим берүү жөнүндөгү мыйзамды аткарбоо» беренелери боюнча Кылмыш иши козголду.

Каржы полициясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, мектептин директору Эльмира Жумагулова мугалимдердин айлык акысынан «мыйзамсыз түрдө» акча кармап, туугандарын жумушка алып, алар  мектепте иштебестен эле айлык акы алгандыгы белгилүү болду, дейт башкы прокуратура.
Мындан сырткары Жумагулова окуучулардан «мыйзамсыз түрдө акча чогулткандыгы» үчүн да айыпталып жатат, дейт Конокбаев. Анын айтымында, азыркы күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.

44 мектептин окуу бөлүмүнү башчысы Ирина Морозова «Клооптун» кабарчыларына берген маегинде финасылык мүмкүнчүлүктөрү чектелген ата-энелерге «жеңилдиктер» берилгендигин айтты.

«Ата-энелердин абалын түшүнүүгө аракет кылчубуз. Зордоп төлөтө албайсыңда», — дейт Морозова.

Окуу бөлүмүнүн жетекчиси, Жумагулова өз ишине «жоопкерчиликтүү» мамиле жасаган, сабактарды «мыкты» деңгээлде өткөргөн педагог деп мүнөздөмө берди.

Директордун мектепте иштебей, бирок айлык акы алган туугандары жөнүндө завуч «эч нерсе уккан эмес».

«Жардам сурап дайыма кайрылса болот эле. Дайыма баарына кол сунчу, жардам берчү», — дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

44 мектептин ата-энелер комитетинин мүчөсү Ирина Акматованын айтымында, «зордоп акча чогултуулар болгон эмес», бардыгы «өз ыктаяры» менен акча беришчү.

«Биздин мектеп – эски мектеп. Дубалдары, терезелери абадан начар абалда эле. Чогулуш өткөрүп, пластик терзелерди орнотконбуз. Мектепке эч кандай акча төлөгөн эмеспиз», — дейт Акматова.

Директордун катчысынын айтымында, Эльмира Жумагулова иш ордунда жок. Ал эми «Клооптун» кабарчылары уюлдук телефонуна чалганда, Жумагулованын кызымын деп бирөө жооп берди. Бир аздан кийин кайра чалыңыз деген боюнча, кайра телефонду эч ким алган жок.

Алгач №13 мектеп жана анын директору Гүлайым Алиева башкы прокуратуранын көзөмөлүнө түшкөн. Алиева «мыйзамсыз акча чогултуу жана финансылык махинацияларда» айыпталып жатат.

Мындан сырткары финансылык мыйзам бузууларда №6 мектептин директору Светлана Арыстанова да күнөөлөнүп жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Таттуу Укуева