Депутат Аманбаева: орус тилинин расмий тил статусунун алынышын каалабайм

Жогорку Кенештин депутаты жана «Республика» фракциясынын өкүлү Урмат Аманбаева «Ачык саясат плюс» гезитине берген интервьюсунда, орус тилинин «расмий тил» статусун алып салыш керек деген. Ал эми «Клоопко» берген интервьюсунда, мен мындай деп айткан эмесмин деди.

Аманбаеванын расмий тил статусун алып салуу керектиги жөнүндөгү интервьюсун «Ачык саясат плюс» гезити 2012-жылдын 16-мартында жарыялаган. Бир нече күндөн кийин бул интервьюну  орусиялык ММКлар басып чыгышкан.

«Менимче Конституциядагы расмий тил жөнүндөгү [орус тили] пунктту алып салыш керек. Буга эрк керек, бул маселеге саясий боёк бербеш керек», — дейт Аманбаева «Ачык саясат плюс» гезитиндеги интервьюсунда. Аманбаева иш кагаздардын баарын кыргыз тилинде жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Депутат айым «Клоопко» берген интервьюсунда «мындай сөздөрдү айткан эмесмин» деди.

«Биринчиден, мен орусчанын расмий тил статусунун алып салынышы жөнүндө айткан эмесмин. Экинчиден, кыргыз тил жөнүндөгү мыйзамга гана кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор үстүндө  иштеп жатабыз. Азыр талкуулар жүрүп жатат», — дейт Аманбаев.

«Ачык саясат плюс» гезитинин редактору Бегайым Талантбекова «Клоопко» берген маегинде, «Аманбаева кантип айтса, ошондой жазып чыкканбыз» деди.

«Эгер туура эмес жазсак, Аманбаева бизге чалып, жалган жаздыңар демек да», — дейт Талантбекова.

Депутат орус тилинин расмий тил статусунун алынышын каалабайт, дейт Аманбаеванын жардамчысы Аскар Шайбылдаев «Клооптун" кабарчыларына.

«Интервью алып жаткан журналист Аманбаеванын сөздөрүн туура эмес түшүнүп алган. Аманбаева айтпаган учурда деле, орусчанын расмий тил статусун алып салуу керек деп түшүнүп алган», — дейт Шайбылдаев.

2012-жылдын март айындагы парламенттик отурумда, Аманбаева бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, ал эми «керек болгон учурда гана» орус тилине которулушун каалайм деген.

Аманбаеванын жардамчысынын айтымында, депутат кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн өзүнүн вариантын сунуштап жатат.

Аманбаева Кыргыз Республикасынын административдик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Бул өзгөртүүлөр боюнча, мамлекетик тил жөнүндөгү мыйзамды аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдар административдик жазага тартылышат.

"Кыргыз тилинде жооп бер"

2012-жылдын 11-январында депутат Аманбаева каржы министрлигинин статс-секретары Динара Шайдиевага "этникалык кыргыз болгондон кийин кыргыз тилинде жооп бер" деп талап кылган. Укук коргоочулар депутаттын сөздөрүн катуу сынга алышкан.

Депутат айым статс-секретарга кыргыз тилинде берген суроосуна орус тилинде жооп угуп:

«Башынан бери кыргыз тилинде суроо берсем, сиз оручса жооп бересиз. Сиз мага кыргыз тилинде жооп бере аласызбы? Мен орусча түшүнбөйм. Мага кыргызча жооп бериңиз. Андан сырткары сиз деген статс-секретарь кызматын аркалап келесиз да», — деген  сөзүн «АКИпресс» кабар агенттиги жазып чыккан.

Аманбаева «Клоопко» берген интервьюсунда , Шайдиева «улуту боюнча кыргыз» болгондуктан кыргыз тилинде сүйлөшү керек, — деп айтып өткөн.

«Ал улуту боюнча кыргыз, мен ага кыргыз тилинде суроо берген элем, бирок ал мага жооп бере алган жок», — деген Аманбаева «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Эгер сен кыргыз болуп туруп, жогорку кызматка атанып жатсаң, албетте кыргыз тилин билүүң керек. Бул мамлекеттик тил — мамлекеттин байлыгы. Орус же башка улутундагы адам болсо түшүнмөкмүн», — дейт Аманбаева.

Кыргызстандын расмий тили болгон орус тилине эч бир каршылыгы жок экенин депутат Аманбаева кошумчалап өттү.

Редактор: Илья Каримджанов

Кыргызстандын жарандары кайсы тилде сүйлөш керек? Чиновниктер кайсы тилде сүйлөш керек? Этникалык кыргыз болгон бардык чиновниктер кыргыз тилин үйрөнүшү керекпи? Комментарийлериңизди төмөндөгү формада калтырыңыз.