Көрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген илбирстерди Кыргызстан Алматыдагы зоопаркка берет

Эки кичинекей илбирстердин көздөрүнө операция жасоо керек, бирок аны Кыргызстанда жасоого мүмкүнчүлүктөр жок. Бийлик өкүлдөрү илбирстерди дарылоо үчүн Алматадагы зоопаркка берүү чечимин кабыл алышты.

Кыргызстанда операция өткөрүү үчүн атайын медициналык жабдыктар жана мыкты ветеринар-офтальмологдор керек, дейт жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамов.

Анын айтымында, Кыргызстанда илбирстерге көрүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берүүгө шарттары жок.

«Тилекке каршы, бизде мындай шарттар жок. Офтальмолог менен реабилитациондук борборго барганбыз, адистер мындай операцияны Кыргызстанда өткөрө албайсыңар деп айтышты», — дейт Рустамов.

«НАБУ» реабилитациондук борбору илбирстерди Алмата шаарынын зоопаркына берүү боюнча макулдашуу түздү, дейт агенттиктин өкүлү.

Анын айтымында, илбирстер эми Казакстандык зоопаркка өткөрүлүп берилет.

Бул бөжөктөр 2009-жылы «НАБУ» коомдук фондунда туулган, ошондо эле көрүү мүмкүнчүлктөрү чектелген болчу.

Көздүн үстүңкү кабыгынын коломбасы (толук жетишпей калган) жана көрүү мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу башка диагноздор коюлган.

Каракол шаарындагы «Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун» директору Салтанат Сеитованын айтымында, күндөн-күнгө илбирстердин көрүү мүмкүнчүлүктөрү бузулуп баратат.

«Мындан ары кадамдарды көрбөсөк, илбирстер такыр эле көрбөй калышы мүмкүн», — дейт Сеитова.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев