Малеваная Украинадан «баш паанек» ала албады

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяны Украинанын чек ара кызматы өлкөнүн аймагына киргизүүдөн баш тартты. Украиналык блоггерлердин айтымында, Малеваная азыркы күндө Тблисиде. Малеваная 7-апрель окуялары боюнча соттолуп жаткандардын бири. Ноябрь айында коңшу Казакстанга качып кеткен.

Украиналык чек арачылар Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяны өлкөгө киргизүүдөн баш тартышкан, дейт «Интерфакс-Украина» кабар агенттиги Бириккен Улуттар Уюмунун [БУУ] качкындар боюнча ага комиссарлыгына шилтеме жасап.

Комиссарлыктын Украинадагы өкүлү Александра Маковская, эртең менен саат тогузда Оксана Малеваная Казакстандан келген учак менен Киевдеги «Борисполь» аба майданына конгондугун айтты.

Маковскаянын айтымында, Малеваная Комиссарлыктын өкүлчүлүгүнө жана Украинанын чек ара кызматына баш паанек алуу боюнча кайрылган.

«Бирок, аны Украинага киргизүүдөн баш тартышкан», — дейт БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү.

Чек ара кызматы Малеванаянын суранычын Укранинанын миграция маселелери боюнча башкармалыгына билдерген эмес, деп Маковская белгилеп өттү.

Адвокат Татьяна Монтяндын жеке блогундагы жазууга таянсак, чек ара кызматкерлери мындай кадамы менен адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимине каршы барышкан. Анткени, соттун өкүмү боюнча Малеваная улуу менен убактылуу Украинады калышы керек эле.

Чек ара кызматкерлери, Малеваная башка ат менен жалган паспорт көтөрүп жүргөндүктөн Европа сотунун чечимин аткарбагандыгын айтышкан.

Бирок, Би-би-синин украин тилдүү кызматы, Малеваная Украинага кирүүгө «аракеттенген эмес», дейт чек ара кызматыныны басма сөз катчылыгына шилтеме жасап.

«Европа сотунун чечимининин аткарылбагандыгынын негизги себеби - соттун өкүмүндө Малеваная деген ысым берилген, ал эми Оксана, “Подольская” фамилиясындагы жалган паспорт менен келген», — дейт блоггер айым.

Монтяндын маалыматы боюнча, Малеваная азыркы күндө уулу менен Тблиси шаарында. Украина чек арачыларынын чечиминен кийин дароо Грузияга учуп кетишкен.

Малеваная 7-апрель окуялары боюнча соттолуп жаткандардын бири.

2010-жылдын ноябрь айында уулу менен коңшу Казакстанга чыгып кеткен. Соттун «мамлекеттен чыкпоо» чечимине жана «кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу», «эки же андан ашык адамды өлтүрүү» беренелери боюнча айыпталып жатканына карабастан өлкөдөн чыгып кеткен.

Автор: Улукбек Акишев

Фото «Азаттык» сайтынан алынды