Төмөнкү Ала-Арчадагы мектеп «Фейсбуктагы» жазуу үчүн окуучу кыз менен соттошууга даяр

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы мектептеги бир окуучу кыздын сиңдисинин айтымында физика мугалими окуучуларды «келесоо жана акмактар» деп тилдейт. Мектептин директору кызды «жалган айткан» үчүн сотко берем дейт.

Төмөнкү Ала-Арчадагы мектептердин биринде окуп кеткен Диана Муратов «Фэйсбуктагы» баракчасында, физика мугалими Людмила Айдабосунова сиңдисин жана анын классташтарын «акмактар» жана «келесоолор» деп тилдээрин жазып чыккан.

Мектептин директору Нурия Жетимишбаева, Муратова «калп айтты» деп укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды.

Аймактык милиция кызматкери Суербек Акаевдин айтымында, Диананын үй-бүлөсү жана мектептин директору маселени «тынчтык жолу» менен чечүүгө аракет кылып жатышат.

Нурия Жетимишбаева «Клооптун» кабарчыларына телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартып, кабарчыларды мектепке чакырган. Бирок төмөнкү Ала-Арчага барган журналисттерге интервью бербей койгон.

Муратованын оюнда, «Фэйсбуктагы» сөздөр директордун намысына тийип койду. Ал эми физика мугалими Людмила Айдабосунова менен окуу жылынын башында эле мамилелери келишпей калган.

Жетимишбаева «Клооптун» кабарчыларына Муратованын мындай кадамдары анын кыжырын келтиргенин айтып өткөн.

Муратова эже-сиңдилеринин ата-энеси мектептин директору менен болгон келишпестиктен кабардар эмес. Алардын айтымында, мугалимдин тилдегени жөнүндө кыздар эч нерсе айткан эмес.

Келишпестиктин себеби

Муратованын айтымында, Айдабосунованын педагогикалык билими жок жана мектепке алгач пол жуугуч болуп келген.

Мектептин директору Нурия Жетимишбаева, физика мугалиминин жогорку билими болбогондугун тастыктады. Бирок, Айдобосунова азыр Кыргыз мамлекеттик агардык университетинин төртүнчү курсунда окуйт деп кабарлады.

Директор айымдын пикиринде, физика мугалими пол чуугуч болуп эч качан иштеген эмес.

Ал эми Айдабосунова комментарий берүүдөн баш тартты.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, окуучулардын “диплому жок компетенттүү эмес” мугалимдер тарабынан зордукка кабылган учурлары болот.

«Ошол директордун директор болуп иштөөгө укугу бар экендигин, мугалимдердин педагогикалык билими болгондугун тастыктап дипломдорун көрсөтүш керек», — дейт Турдубекова.

Укук коргоочунун оюнда мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн мониторингин жүргүзүп туруш керек.

Автор: Зарема Султанбекова жана Алексей Ким

Редактор: Эльдияр Арыкбаев