Балыкчы шаарындагы шайлоолордо «Республика» партиясы жеңишке жетишти

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо премьер-министр Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы эң көп добушка ээ болду. Акыркы жыйынтыктар боюнча «республикачылар» 13% топтошту, ал эми социал-демократтар алардан 0,5% гана артта калды.

Эгер Борбордук шайлоо комитети Токмоктогу шайлоолордун жыйынтктарын кабыл алса, Балыкчы шаарындагы утуш «Республика» үчүн жергиликтүү шайлоолордогу экинчи жеңиш болот.

Балыкчы шаарынын аймактык шайлоо комитетинин (АШК) төрагасы Александр Гудков «Клоопко» берген интервьюсунда, шайлоолор «канаатандыраарлык» өткөндүгүн айтты. Бирок, шайлоочулардын «45,99% гана келди» деп, тургундардын пассивдүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.

Партиялардын байкоочулары шайлоо участокторунда атаандаштары тарабынан үгүтөөлөр болгондугун айтышты.

КСДП партиясынын Балыкчы шаарындагы координатору Сайракан Муканбетова «Данакер», «Ата Мекен» партиялары үгүттөө жүргүзүп жатышты деп даттанды.

«Азырынча акт түзө элекпиз, бирок дагы бир бузуу катталса, сөзсүз акт түзөбүз», — деп КСДПнын координатору шайлоо учурунда эскертип кеткен.

Ал эми «Баястан-Жыргал kg» шайлоочулар тобунун байкоочусу Айдин Бактыбек уулу КСДП тарабынан болгон бузууларды айтты.

Анын айтымында, социал-деомкраттардын өкүлү «биздин партияга добуш бер» деп Айдиндин өзүн үгүттөшкөн

Байкоочулардын айтымында «Республика» тарабынан бузуулар катталган жок.

Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, шайлоолор «жакшы жана тынч» өттү. Бирок бузуулар болбой койгон жок:

Кээ бир тургундардын ордуна башкалар добуш берип койгондугу аныкталган. Бир участокто БШК шайлоочулардын жалпы санынан аз бюллетень берген.

№3001 участогундагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урналарды ачып, бюллетендерди стационардык кутуларга салышкан.

Бул байкоочулардын нааразычылыгын жаратты. «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндөгү мыйзамга» туура келбейт деп, мыйзам бузуу боюнча акт түзүшкөн.

Мыйзамдын 36-беренси боюнча бардык урналар шайлоо участогу жабылгандан кийин гана ачылыш керек.

№3001 участогунун шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Сагалиева урна ачылып жатканда байкоочулар көргөн, бюллетендердин станционардык кутуларга салынышына каршы эмес болчу дейт.

Шайлоолорго 17 партия катышты. Алардын ичинде төрт парламенттик — КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар Намыс», эки парламенттик эмес — «Замандаш», «7-апрель жаштар кыймылы» жана 11 шайлоочулар тобу катышты.